Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:22

Евробиримдиктин Брюссел шаарындагы жыйыны аяктап, анда Түркия менен мүчөлүк сүйлөшүүлөрдү эмки жылдын октябрь айында баштоо тууралуу токтом кабыл алынды.

Евробиримдиктин мамлекет жана өкмөт башчыларынын Брюссел калаасындагы жыйыны аяктады. Түрк делегациясы менен биримдиктин өкүлдөрүнүн ортосунда, кийинки мүнөткө чейин созулган курч дипломатиялык таймашуулардан кийин, Кипр тууралуу келип чыккан чыр-чатак үстүнөн, соңку мүнөттө компромисстик формула табылып, корутунду документтин долбоору менен байланыштуу“өз-ара мунасага жетишилди.

Документтеги, “Түркия Кипр жумурятын таануу дегенди түшүнтүргөн протоколго дароо кол койсун” деген берене, “бул тууралуу Түркия оозеки убада берсе болот” деп алмаштырылды.

Евробиримдиктин учурдагы төагасы Голландиянын премьер министири Ян Петер Балканенде менен Түркиянын Премьер Министири Режеп Тайып Эрдогандын ортосундагы сүйлөшүүлөрдө адегенде Кипр грек жумуряты нааразычылык билдирип,Түркия бул тууралуу оозеки эмес, жазуу түрүндө убада берүүсүн талап кылды. Бирок, биримдикке мүчө 25 өлкөнүн мамлекет жана өкмөт башчыларынын жыйынында, Кипрдик гректердин бул талабы колдоого жете албай,Түркия алгачкы жолу, 1959-жылдын 31- июль күнү, ошо кезде Европанын Экономикалык коомчулугу аталган биримдиктин эшигин кагып, мүчө болууга дилгир экенин билдирген.

Түркиянын өнүгүү деңгээли толук мүчөлүк үчүн жетишерлик эмес экенин билдирип, биримдик адегенде Түркияга ‘өнөктүк’ статусун сунуш кылды. 4 жылга созулган сүйлөшүүлөрдөн кийин, 1964- жылдын декабрь айында күчүнө кирген ‘Анкара Протоколу’ Түркия менен Европа экономикалык Коомчулугунун бажы биримдигин түзүүсүн жана Түркиянын акырын - акырын толук мүчөлүкө даярдануусун болжоду.

Бирок, Түркиянын Евробиримдике карай сапары өтө машакаттуу болуп, бир канча жолу үзгүлтүкө учурады. Өз ара мамилелер, 1987-жылдын 14-апрель күнү Түркиянын толук мүчөлүк үчүн ырасмий түрдө кайрылуусунан кийин кайрадан дем шыкак алып, ошондо өкмөт башчысы болгон ыраматылуу Тургут Өзал
“Узун жана машакаттуу бир жолдун башында турабыз” деп айткан эле.

Биримдик ошондон 2 жарым жыл өткөндөн кийин жооп кайтарып, Түркиянын кайрылуусун четке какты. 1996- жылдын 1-январынан тартып ‘бажы биримдиги’ келишими ырасмий түрдө иштей баштады.

Биримдиктин 1997-жылдын декабрь айында өткөрүлгөн Люксембург жыйынында, Чехия, Польша, Литва, Словения, Венгрия, Эстония, Латвия, Болгария, Румыния жана Кипрдин Грек сектору, толук мүчөлүк үчүн талапкер өлкөлөр катары кабыл алынып, анда дагы бир жолу Түркия четте калтырылды.

Аябай иренжиген Түркия биримдик менен айрым саясий мамилелерин үзүп коюуну чечти. 1998-жылдан кийин, Түркия тышкы саясатында ‘көп кырдуу дипломатия’ багытына которулуп, кошуналары өзгөчө Россия менен мамилелерин түп тамырынан бери кайра оңдой баштады.

Бул саясат көп өтпөй үзүрүн берип, 1999-жылда Хельсинкиде болуп өткөн саммитте биримдик Түркиянын талапкердигин кабыл алды. 2002-жылда Копенгаген шаарында өткөрүлгөн жыйында, Түркиянын алдына Копенгаген саясий критерийлери деп аталып калган бир катар талаптар коюлуп, 2004-жылга чейин Анкара бул талаптарды толук аткарса, 17-декабрда, демек, ушул соңку саммитте, Түркия менен мүчөлүк сүйлөшүүлөрдү баштоонун датасы аныкталары билдирилди.

Саммит болуп өттү; бул узун марафон соңуна чыкты. Бирок, маркум Өзал бир кезде айткандай, Түркиянын алдында дагы узун жана машакаттуу бир жол турат.
XS
SM
MD
LG