Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:10

Израил аскерлери Палестинадагы Хан Юнус айылына ракета атты


Израил аскерлери таң эрте менен Газа тилкесиндеги Хан Юнус аттуу качкындар айылына тик учмалардан ракета аткандан беш адам каза таап, дагы 22 киши жараат алды. Өлгөндөрдүн төртөө согушкер болуп чыкты. Андан соң жөөт танкилери менен бульдозерлери айылга кирип, бир нече үйдү түртүп уратып салды. Кечээ күнү бул айылдан бир нече мина атылып, 11 жөөт аскери жараат алган. Мисир чек арасында жайгашкан Рафах айылына да ракета атылды жана бир ишкана жок кылынды. Израил жетекчилигинин айтымында, "Хамас" уюму ал имаратта курал-жарак сактаган.

XS
SM
MD
LG