Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:41

Баткендик молдо кыздар


Жаңыл Жусупжан, Прага Мусулман дүйнөсүндө исламды изилдеген кыздар пайда болууда. Кытайда мисалы имам айымдар да бар. Ал эми кыргызда динди изилдеп, талдай билгендердин арасында бүгүн кыздар да кездеше калып жүрөт. Алардын бири Кундуз Исакова Баткен мечитинин алдындагы медреседе кыздарды окутат.

Бүгүн мусулман дүйнөсүндө бир гана Кытайда, тактап айтканда өлкөнүн батышындагы жергиликтүү кытай мусулмандары – дунгандар жашаган Нинжиа провинциясында аялдар имам боло алышат. Бул жактык 40 жаштагы балалуу-чакалуу имам-айым тууралуу диний укуктар жөнүндө жазган Форум 18 агенттигинин редактору Феликс Корлей мага телефондон буларды билдирди:

- Ал - жалаң аялдар барган мечиттин имамы. Бирок бул мечит эркектердин мечитине карайт. Аял-имамдардын айрымдары эркектерге да намазга катышууга уруксат беришет. Бирок жалпысынан, бул аялдар үчүн иштеген, аялдар башкарган мечиттер, алар эркек жетекчилерге баш ийбейт, көз карандысыз иштешет.

2 миллиардга чукулдап калган дүйнөлүк мусулман жамаатында Кытайдан башка бир да өлкөдө аялдар намаз жүргүзүп, динзарларга күнүмдүк турмушунда дин боюнча түшүндүрмө берген имам боло алышпайт. Бирок Исламдын тарыхында ар дайым эле мындай болгон эмес. Мухамад пайгамбардын үчүнчү аялы Айша Ислам боюнча элге кеп-кеңешин берип, Куранды талдаган кадырлуу аалым болгон. Күйөөсү менен 9 жыл жашап, 18 жаш курагында жесир калган Айшанын Куранды талдоого кошкон салымын бүгүн да изилдөөчүлөр жогору баалашат. Бирок Исламдын 14 кылымдык тарыхынын бул барактары унутулуп, динди талдоо жалаң эркектердин иши болуп калган. 20-кылымдын экинчи жарымында гана мусулман өлкөлөрүндө Куранды окуп, талдай билген окумуштуу-айымдар эл алдына чыкты. Алардын далилдүү келтирген аргументтеринин аркасы менен, мусулман аялдардын укуктарына байланышкан бир топ мыйзамдар кабыл алынды. Мисалы Египетте алар мусулман аялдар да ажырашууга укуктуу экенин далилдеп беришти. Исламдык Иран жумуриятында аялдардын үй-бүлөдөгү, айрыкча ажырашуудагы укуктары болуп көрбөгөндөй бекемделди.

Кыргызда да исламды талдаган аялдардын жаңы мууну жаралууда. Алардын бирин мен түштүктө, кыздардын медресединде жолуктурдум. Сөз кезеги менен болсун.

Баткендеги кыздардын медресеси борбордук мечитинин алдында иштейт. Медреседе окуган кыздардын эң кичүүсү 10 жаштар чамасындагы Турсунайга атыңды жазып берчи деп кагаз, калем сунсам, бир топ кыйналып, бир-эки тамгасын түшүрүп атып, жазды. Атасы Баткендин сыртындагы айылда молдо экен. Чоңойгондо ким болосуң деп сурасам, шак эле молдо болом деди. Кыздар да молдо болобу десем, уялып кетти көрүнөт, сөз таба албай калды. Жардамга анын мугалим эжекеси Кундуз Исакова келди:

Аял адам имам болууга мүмкүн эмес. Молдо болуу шарт эмес, мында инсан өзү ким экенин билиш керек. Мында максат жаш кыздардын адеп ахлабын үйрөтүш керек. Имам боло албайт. Кадимки мектепке барышат. Окууну бүтпөй келсе уруксат бербейбиз. Мен талап кылам, мектепте жакшы окуй албаса эч качан (медресеге) келе албайт.

Кундуз Исакова Бишкектеги Исламдык университетти бүтүргөн. Турсунайга окшогон секелектерден тартып, жогорку класстардын окуучуларын кошуп, 10 чакты кызга исламдын түп-негиздерин окутат. Өзүн ишенимдүү кармаган, динге болгон ишеними бекем бул мугалим кыз аялдардын исламдагы орду тууралуу ар кандай суроолорго жообу даяр экен. М ен мусулман өлкөлөрүндө сойкулук жок деген чындыкка дал келбеген ырастоого көз карашын сурадым. Ошол эле Иранда мисалы жүз миңдеген кыз-келиндер денесин сатып жан багышат. Кундуздун жообу мындай болду:

Инсан деген араб тилинен "унутчаак" деген сөздөн алынган. Унутчаакпыз деп эле күнөө кылыш керек эмес. Баарыбыз эле атыбыз мусулман, кыргыз, өзбектин баары мусулман. Мусулман деген атты өзүбүз көтөрүп жүрөбүз, атка татыктуу эмеспиз. Кылган кылыктарыбыз мусулманга эч окшобойт. Тажиктер, өзбектер, арабдар, ирактагылар баары эле мусулманбыз дейт, бирок аткара албай жатабыз.

- Исламдын талаптарын аткаргандар деги барбы бул дүйнөдө?

- Аткаргандар бар, бирок Алланын толук буйруганындай аткарыш кыйын.. А бизде мусулманбыз деп алып, элдин баары арак ичип алат. Же жоолук салынганы менен кыздар да ар кандай жүрөт. Ал кемчиликти инсан мойнуга алыш керек. Жоолукчан кыздардын баары эле мусулман, алар туура жолдо жүрөт деп айта албайбыз. Эми инсан кемчиликсиз болбойт, бир Алла кемчиликсиз. Бардык инсандардан кемчилик кетип турат. Үлгү алабыз дегенде, кимден үлгү алабыз? Үлгүнү бир гана пайгамбарыбыздан алабыз.

Медресе деген аты болгону менен, заңгыраган мечиттин каршысындагы эле бир нече бөлмөдөн турган жер там. Окуу жүргөн бөлмөдө араб тилинде жазылган китептер бир текчеде жык-жыйма, кыдырата тизилип коюлган. Кыздар Курандын аяттарын арабча окуганды гана үйрөнүшүп, араб тилин өзүн окушпайт. Ушул эле жерде жууркан-төшөктөрү тирелте жыйылган. Көшөгөнүн ар жагында окуп, бер жагында тамак ичишет. Эмерек жокко эсе, жерде көлдөлөң, төшөктөр салынган. Жогоруда сүйлөгөн 10 жаштагы Турсунайдан тартып, бардыгы жоолукту кашына чейин баса салынып, ээгинин алдынан байланышкан. Бул кыздар келечекте жума намазды башкарган имам-молдо болбосо да, Бухара, Самарканд сыяктуу Ислам изилдөөнүн эски борборлорунда чоң-чоң медреселерден билим алып, илимдүү кыздардын катарына кошулгусу бардыр.
XS
SM
MD
LG