Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:01

ЖЕР БЕТИНДЕГИ АБАНЫН БУЛГАНЫШЫНА АКШ, КЫТАЙ ЖАНА ИНДИЯ КӨБҮРӨӨК КҮНӨЛҮҮ


Кубат Оторбаев, Прага Бириккен улуттар уюмунун алдындагы дүйнөлүк метеорология уюму жер шарындагы аба ырайынын өзгөрүшү жана экологиялык кырдаалга байланыштуу өзүнүн жылдык отчетун жарыялады. Анда жыл өткөн сайын абанын температурасы ысып, анын каскагынан табийгый кырсыктар көп болуп, адамдар өлүп жатканы айтылат.

Дүйнөлүк метеорология уюмунун отчетуна ылайык 2004-жыл - 1861-жылдан берки убакыт аралыгындагы абанын температурасынын өтө катуу ысыганы боюнча төртүнчү орунга чыгыптыр.

Амир Делжу – кеңсеси Женевада жайгашкан Дүйнөлүк метеорология уюмунун жетекчиси. Ал тынчсыздануусун жашырбай жер бети улам барган сайын ысып баратканын айтат:

– 2004-жылдагы абанын температурасы – 1861-жылдан бери катуу ысыганы боюнча төртүнчү орунга чыкты. Жер бети улам барган сайын ысып атат. Анын натыйжасында суу каптоо, ташкын, тайфун жана кургакчылык күчөп жатат. Мындан 200 жыл мурда башталган индустриялдык революциянын каскагынан аба ырайы кескин өзгөрүп, климат алмашты.

Амир Делжунын айтымында аба ырайынын өзгөрүшү адамзаттын ден соолугуна, тамак-ашына терс таасир тийгизүүдө. Саламаттык сактоо тармагына жана табийгый кырсыктардын кесепеттерин жоюуга жумшалып жаткан чыгымдар болсо тигил же бул мамлекеттин казынасын бөксөртүп жатат.

Мисалы уюмдун эсебинде быйыл Кошмо Штаттарынын түштүк-чыгыш жээгинде жана Жапонияда болгон суу каптоо, ташкындар 35 миллиард долларлык зыян алып келди. А негизинен акыркы 10 жылда жалпы жер бетиндеги табийгый кырсыктар дүйнө мамлекеттерин жыл сайын орточо 70 миллиард доллар өлчөмүндө чыгым кылды. Быйыл бул көрсөткүч – 95 миллиард далларга жеткен.

Делжу жер астынан чыгуучу нефть, газ, көмүр сыяктуу абаны көп булгаган отундарды көп пайдаланып жаткан мамлекеттер азыртадан ойлонбосо жалпы адамзатты катуу мүшкүл күтүп тургандыгын эскертет:

– Жерден казылуучу отунду өтө көп өлчөмдө пайдалануу абаны ысытуучу газдын көп чыгышына алып келип жатат. Биз жер алдынан казылуучу отундарды колдонууну азайтышыбыз керек. Биз муну азыр токтоткон күндө да буга чейинки кесепеттерди жоюуга 50-100 жыл керек болот. Ошондуктан биз мына бүгүн ишти башташыбыз зарыл.

Дүйнөлүк метеорология уюмунун жетекчисинин айтымында өкмөттөрдүн ишине байланыштуу абал февраль айынан тартып оңоло баштоого тийиш. Анткени Киото протоколуна жакында Орусия кошулду. Киото протоколунун башкы максаты - өнөр жайы өтө өнүккөн мамлекеттердеги абаны булгап, ысытуучу газ, түтүндүн өлчөмүн 1990-жылга салыштырганда 5 процентке азайтуу болуп эсептелет.

Өткөн аптада Буэнос-Айрес шаарында дүйнөдөгү 80 мамлекеттин экология министрлери жыйын куруп, жер шарындагы абанын температурасынын ысып баратышын токтотуунун жолдорун талкулашты. Кеңсеси Парижде жайгашкан WWF аттуу топ – курчап турган чөйрөнү коргоо багытында иштейт. Анда иштеген Эдуард Тулуз жер шарын Кошмо Штаттарынын аракетисиз сактап калуу мүмкүн эмес деген ойдо:

- Бир жагынан биз абанын булганышына каршы күрөшүүчү Европа биримдигине таянабыз. Бирок ошол эле маалда бул ишке Кошмо Штаттары тоскоолдук кылууда жана ал өнүгүп келаткан өлкөлөрдү Евробиримдикке каршы коюуда.

Эдуард Тулуздун айтымында абаны булгаган газ, түтүндүн 25 процентин Кошмо Штаттарынын өнөр жайы чыгарат. Президент Жорж Буштун тушунда Америка Киото протоколунан "биздин экономикабызга терс таасирин тийгизип жатат" деп чыгып кеткен. Киото протоколуна өнөр жайы эң булганыч газдарды чыгарган Кытай менен Индия да кол койбой келатат. Дүйнөдөгү абасы эң булганган 20 шаардын он алтысы Кытайда экен.

Италиянын экология министри Альтери Маттеоли дүйнөнүн ири мамлекеттери кошулбаса Киото протоколу эч нерсеге жарамсыз экенин айтып, бул келишимдин канчалык зарылдыгы бар деген маселени алдыга койду.
XS
SM
MD
LG