Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:25

Иранда соңку бир нече айдын ичинде интернет менен алектенген бир катар журналисттер жана техниктер камакка алынды. Байкоочулардын айтымында, бул кадамдар расмий Тегерандын маалымат таркатуу каражаты катары улам тездеп өнүгүп жаткан интернетке каршы чабуул жасап жатканын айгинелейт. Деги, мындай чабуул азыркы доордо майнап бере алабы?

Айрым фактыларга кайрылалы. Быйыл 7-сентябрда «Этемад» аттуу күндөлүк гезиттин маданият бөлүмүнүн редактору Шахрам Рафизаде камакка алынган. Эртеси күнү публицист Ханиф Мазрови (ал - мурдагы депутаттын уулу) кармалды. Жалпысынан, бери дегенде жети журналист интернет барагындагы бийликке каршы сын материалдары үчүн абакта тутулуп келди. Жакында алардын төртөө күрөөгө акча коюу жолу менен убактылуу бошотулду.

Бошотулгандар басма сөзгө жарыяланган катта өз кылган жоруктары үчүн кейигендиктерин жана түрмөдө өздөрүнө дурус мамиле жасалгандыгын билдиришкен. Бирок серепчилер алардын мындай мазмундагы каты кысым астында даярдалды го деп боолголошууда.

Мурдагы депутат, Иран журналисттер жамаатынын президенти Али Мазрови мырза президентке ачык кат жазып, өзүнүн уулу Ханиф абакта жаткан чакта, аны уруп-соккуга алышканы тууралуу арызданган.

Ирандын абагынан чыгып, ушул тапта бозгунда жүргөн журналист Масуд Бехнуд (Massoud Behnoud) мырза камактагыларды кыйноо аркылуу алардан өз кылмышын мойнуна алган билдирүүнү алуу көрүнүштөрү Иранда арбын учураарын айтат:

- Иран соту мындай билдирүүлөрдү канчалык көбүрөөк жарыялатса, ошончолук иран эли жана дүйнө коомчулугу Ирандагы абактарда кыйноолор көбүрөөк орун алып жатат ко деп санайт.

Бехнуд мырзанын оюнча, төрт жаш журналисттин эки айдан ашуун убакыт бою убактылуу абакта кармалышынын жана өздөрүн-өздөрү айыптап чыгышынын өзү эле алардын кыйноого алынганына ишаара кылат.

Бул төрт жаш журналисттин бири – Фериште Газы айым абактан чыгаар замат ооруканага жаткырылганы кабардалууда. Париждеги «Чек арасыз кабарчылар» укук коргоо уюмунун өкүлү Реза Муйини (Reza Moini) алиги журналисттер абактан соң да бийлик запкысын көрүп жатканын айтат:

- Алар абактан бошогондон кийин дагы бийликтердин кысымы астында кала беришүүдө. Аларды телефон аркылуу коркутуп-үркүтүп, кээде атайын суракка чакырып да турушат. Негизинен, үч маселе боюнча аларга кысым көрсөтүлөт. Биринчиден, алар адвокаттын кызматынан пайдаланбашы керек. Экинчиден, алар өз кылганы үчүн өкүнүч билдирип тим калбастан, башкаларды да айыпташы керек. Үчүнчүдөн, Мазрови мырза ачык кат жарыялагандан кийин, бул кишилер аны сындап, айыптоо чараларын жүзөгө ашырууга тийиш.

Бирок, Муйининин оюнча, ирандык бийлик учурдагы интернет аркылуу айтылып жаткан кайчы пикирлерге толук бөгөт коюуга кудуретсиз:

- Мен мисал үчүн Кытай Элдик Жумуриятын эле айтайын. Ал каржылык жааттан да, башка мүмкүнчүлүктөрү боюнча алганда да, Иран Ислам Жумуриятынан алда канча кубаттуу. Кытай бир нече жылдан бери интернет аркылуу кайчы пикир айткандарга сокку уруп келет. Ошондо да Кытай интернетти толук чектеп сала алган жок. Менимче, интернет күнүмдүк турмушубуздун каражатына айланган азыркы доордо Иран Ислам Жумурияты аны чектей албайт.

Ушул тапта Иранда 5 миллиондой киши интернетти колдонот. Төрт жыл илгери болгону 250 миң ирандык интернеттен пайдаланчу.

Салыштыра кетсек, Кыргызстанда үстүбүздөгү жылдын сентябрында 152 миңдей киши интернетти колдонгон.
XS
SM
MD
LG