Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:37

УИАнын Ыссыккөл облусундагы биологиялык станциясынын жамааты нааразы


КАРАКОЛ. УИАнын Ыссыккөл облусундагы биологиялык станциясынын жамааты кыргыз өмөтүнө жана Айыл, суу чарба министрлигине арыз кат жолдошту. Биологиялык станциянын директору, академик Азат Коңурбаевдин айтымында, ушул тапта браконьерликтен улам Ысыккөлдөгү баалуу балыктын түрлөрү жоголуу чегине жетти. Эгерде браконьерликти токтотууга кол шилтөө менен мамиле жасала берсе, анда баалуу балыктын түрлөрүнө кирген форель Кызыл китепке киреринде шек жок. Эмнегедир облуста балык чарба башкармасын түзүү создуктурулуп, балык корун коргоо жана өстүрүү иштери дээрлик токтоду. Ошондой эле балык чарбасын өстүрүү максатында балык кармоого лицензия берүүнүн башаламындыгы да Ысыккөлдүн жаратылыш байлыгынын жоголушуна негизги факт болду, - дейт Азат Коңурбаев.

XS
SM
MD
LG