Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:44

Улуттук дөөлөттү сактоо көйгөйү күч


БИШКЕК. 18-декабрда «Улут ордо» коомдук уюмдар тилектештиги менен кыргыз тилин коргоо кыймылы улуттук дөөлөт-мурастарды, нарк-салтты жана эне тилди сактоо көйгөйүнө арналган жыйын өткөрдү. Бишкектеги тарых музейинде өткөн жыйынга саясатчылар, Жогорку Кеңештин депутаттары, илимпоздор жана коомчулуктун өкүлдөрү катышты. Анда улуттук каада-салтты, тилди жана улуттук дөөлөттөрдү глобалдаштыруу процессинде кантип сактап калуу керек деген маселе талкууланды. Талкуу маалында кыргыз тилин сактап калуу аракети начар жана аны өнүктүрүү аракеттери көрүлгөн жок деген пикирлер айтылып, тиешелүү мамлекеттик органдарга берилчү сунуштар жана бул жаатта тилектештиктин алдында турган милдеттер такталды.

XS
SM
MD
LG