Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:44

Оппозициячыл маанайдагы кыймылдар биригишүүдө


БИШКЕК. Жакын арада оппозиячыл маанайдагы «Кыргызстан элдик кыймылы», «Атажурт» жана «Жаңы багыт» саясий кыймылдары өз ара кызматташтуу тууралуу келишимге кол коюшу ыктымал. Бул тууралуу «Жаңы багыт» кыймылынын жетекчилеринин бири, «Акыйкат жана прогресс» партиясынын төрагасы Муратбек Иманалиев билдирди. Анын айтымына караганда, аталган кыймыл жетекчилери бул маселе боюнча 20-декабрда кезектеги жолугушуусун өткөрүшөт. Жолугушууда келечекте өз ара кызматташуу туралуу келишимдин долбоору талкууланат. Буга чейин «Ата журт» жана «Кыргызстан элдик кыймыл» жетекчилери келээрки парламенттик, президенттик шайлоолордо өз ара биргелешип иш алып баруу тууралуу келишимге кол коюшкан.

XS
SM
MD
LG