Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:37

«Кумтөр» маселеси Мыйзам чыгаруу жыйынында каралат


БИШКЕК. «Кумтөр» кенинин «Центерра голд» ишканасына сатылышынын мыйзамдуулугун иликтөө маселеси жакынкы күндөрү Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын жалпы отурумунда каралат. Мындай чечим Мыйзам чыгаруу жыйынын тиешелүү комитеттери тарабынан кабыл алынды. Бул тууралуу аталган палатанын депутаты Орозбек Дүйшеев «Азаттыктын» кабарчысына 17-декабрда билдирди. Депутаттардын өтүнүчү менен «Кумтөр» кенине байланыштуу маселе буга чейин Кыргызстандын Башкы прокуратурасы тарабынан каралган. Башкы прокуратура «Центарра голд» компаниясынын акциясына «Кумтөрдүн» акциясын алмашуу жөнүндөгү «Камеко» менен кыргыз өкмөтү ортосунда түзүлгөн макулдашуу өлкөнүн Баш мыйзамына ылайык парламентте ратификацияланыш керек деген бүтүм чыгарган.
Кыргыз өкмөтү «Кумтөр» долбоорундагы акцияларын жаңыдан түзүлгөн «Центарра голд» фирмасынын 30% акциясына өткөн жылдын соңунда алмашкан. Мыйзам чыгаруу жыйыны өкмөттүн мындай аркети кыргыз элинин кызыкчылыгына каршы келген, мыйзамсыз кадам экендигин белгилеп, келишимди токтотуу максатында буга чейин эки жолу токтом кабыл алган. Палатанын мындай токтомдору кыргыз өкмөтү тарабынан аткарылбай келет.

XS
SM
MD
LG