Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:25

ШАМАНЧЫЛЫК


Мурат Кожобеков, Бишкек Шаманчылык дини кайсыдыр бир мезгилде кыргыздар арасында колдонулуп келген. Орто кылымдагы кытай булактарында кыргыздардын кам аталган шаманы болот деп жазылат. Шаман эмне айтса, ошол кабыл келип, каалаган ой-тилек аткарылган.

Шаманчылык дини кайсыдыр бир мезгилде кыргыздар арасында колдонулуп келген. Орто кылымдагы кытай жазууларында кыргыздардын кам аталган шаманы болот деп жазылат. Шаман эмне айтса, ошол кабыл келип, каалаган ой-тилек аткарылганын мусулман авторлору да белгилешкен.

Илимпоздордун иликтөөлөрүнө ылайык, шаманчылык - дүйнөдөгү эң байыркы диндердин бири катары саналат. Андагы белгилерге караганда, шаманчылык таш доорунда жаралып, беймамлекет элдер арасында колдонулуп келген. Шаманчылык динин негизинен чарбасы аңчылыкка негизделген калктар тутушкан. Бүгүн да шаман динине – Африка, Түндүк жана Чыгыш Азиядагы айрым калктар жана Америкадагы индеецтер сыяктуу элдер ишенишет. Бирок бу элдер арасында шаман дини бир калыпта жайылган эмес. Мисалга алсак, 20 кылымдын орто чениндеги Сибирь калктарында шаманчылык өнүккөн формасында учураса, ал эми венгерлер сыяктуу айрым бир Европа элдеринде анын кээ бир гана белгилери сакталып калган. Ошол эле кезде Австралиядагы аборигендер арасында шаманчылык жаңыдан калыптана баштаган экен.

Анда эмесе шаманчылык туурасында адистин пикирин угуп көрсөк:

- Биздин азыркы кыргыз тилинде аны бахчы деп которуп жүрөбүз. Ал теңир менен асмандагы күч менен жердеги калкты байланыштыруучунун ролун аткарган. Ошондой эле пикир ар бир Сибирдеги шаманчылыкты изилдеген окумуштуулардын эмгектеринде айтылат. Археологиялык материалдарда шаманчылык динин чагылдырган маалыматтар кездешет. Мисалы, Түштүк Сибирде шамандардын көрүстөндөрү ачылып, алардын этнографиялык музейлерде костюмдары жана башка атрибуттары кездешет – деп эсептейт Кубатбек Табалдиев.

Бу диндин аталышы эвенкилердин тилиндеги «шаман», «саман» сөзүнөн алынган. Эвенк тилинде шаман сөзү – толкунданган, көбүрүп-жабырган адам дегенди түшүндүрөт. Шаманисттик ишенимде адамды курчаган нерселер, өсүмдүктөр, айбанаттар маанилүү роль ойнойт. Мындан тышкары, адамдын өмүрү жана өлүмүнө таасир тийгизип оору-сыркоо чакырчу каарду же ийгилик ыроолочу мээримдүү арбактарга ишеним күч болгон. Шаманчылардын астейдил ишенимине ылайык, арбактарга кайрылып ырайым суроого жана алардын ортосундагы ортомчулук кайрылууну шамандар гана жүргүзө алышат. Шаман эс-учунан танып, экстаз абалында арбактар менен сүйлөшө алат. Сибирде жашаган шаманчылардын ишенимине ылайык, Аалам үч катмардан турат. Үстүнкү катмарда жалаң арбактар жашайт. Ортоңкуда болсо арбактар менен кошо адамдар, айбанаттар, өсүмдүктөр орун алат. Ал эми, төмөнүндө болсо, өлгөндөрдүн жаны түшөт. Ар бир шамандын өзүнүн жардамчы арбагы жана коргоочу арбагы болот. Ал диний ырым-жырым жүргүзүү маалында аларга кайрылып, жардам сурап турат. Жардамчылар өз кезинде жапайы айбандардын, балык, куштардын образы аркылуу келип, шаманга жардам көрсөтөт.

Шаманчылык диний түшүнүгү кыргыздардын арасында бүгүнкү күнгө чейин сакталып калган. Анын айрым диний ырым-жырымдары азыр да калк арасында колдонулуп келгендиги кыргыздардын байыркы эл экендигинен кабар берет.
XS
SM
MD
LG