Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:15

КЭК ЫСЫККӨЛДӨ АЙМАКТЫК БӨЛҮМҮН АЧТЫ


Айданбек Ташкенбаев, Бишкек Курамына тогуз партия кирген Кыргызстан элдик кыймылынын Ысыккөл-Нарын аймактык бөлүмү түзүлдү. Уюштуруу жыйыны Балыкчы шарында өтүп, ага кыймыл жетекчилиги катышты.

17-декабрда Балыкчы шаарында Кыргызстан элдик кыймылынын Ысыккөл-Нарын регионалдык бөлүмүн түзүү боюнча жыйын болду. Ага кыймылдын лидери Курманбек Бакиев, анын орун басарлары Ишенгүл Болжурова, Азимбек Бекназаров, штаб башчысы Үсөн Сыдыков, партия лидерлери Жыпар Жекшеев, Досбол Нур уулу, ардагер Мукун Асейинов, Нарын жана Ысыккөл облусунан келген 150гө чукул адам катышты.
Жыйынды Балыкчы шаарында болтурбоого жергиликтүү бийлик аракет жасады. Анткени мурда сүйлөшүлгөн бардык коомдук имараттар эле эмес менчик ашкана, кафелердин кожоюндарына да кысым көрсөтүлүп, алар 17-декабрда эшиктерине кулпу илип коюуга мажбур болушту. Кыймыл лидерлери мурда орун берүү макулдашылган, бирок жергиликтүү бийликтин кысымынан эшиги жабык Чинсон кафесинин жанында чогулуп турушкан. Ошол кезде жолдон өтүп бараткан Жалалабад облусунун мурунку губернатору Султан Урманаев КЭКтин жетекчилигинин ачык асман астында жыйын өткөрүүгө даярданып жатканын байкап калып, өзү жетектеген ишкананын ээлигиндеги имараттардын биринен жыйын өткөрүүгө шарт түзүп берди. Ал жергиликтүү бийликтин мындай аракетин айыптап, демократиялык коомду курабыз деген өлкө үчүн бул өтө уят көрүнүш экендигин белгиледи. Ошентип конференция ачык асман астында эмес, шарты бар жерде өттү.
Жыйында алгачкы маселе катары уюштуруу иштери каралып, анда кыймылдын Ысыккөл-Нарын облустар аралык бөлүмүнүн башчылыгына Шейшен Искаков, Кочкор, Жумгал райондору боюнча Сабырбек Сардарбеков, Нарын зонасы боюнча Темирбек Мамыткожоев, Каракол боюнча Канимет Жакыпбектегин, Балыкчы шаары боюнча Мелисбек Жоошбаев шайланды.
Андан кийин КЭКтин лидери Курманбек Бакиев сөз сүйлөп,кыймылдын максаты тууралуу маалымат берди. Ал кыймыл лидери катары жакырчылыкты кыскартуу, экономиканы өндүрүшкө көңүл буруу менен өстүрүү, коррупцияны ооздуктоо, элдин биримдигин сактоо жана парламенттик шайлоону адилет, таза өткөрүү негизги милдеттерден экендигин билдирди. Бакиевдин сөзүнөн кийин конференциянын катышуучулары ар кандай багыттагы суроолорду беришти. Анын ичинде Үзөңгүкууш, экономика, коррупцияга байланыштуу суроолор берилип, ага ачык жооптор берилди.
Конференция соңунда токтом кабыл алынып, анда Кыргызстан элдик кыймылын уюштуруу курултайында кабыл алынган резолюция жактырылды.
Кыймылдын Ысыккөл-Нарын облустар аралык бөлүмүн уюштуруу жыйынына чейин Нарын, Жумгал, Кочкор райондорунда кыймылдын бөлүмдөрү ачылды дейт Азимбек Бекназаров:

Бектур Асанов жана менин катышуум менен 15-декабрда Нарын шаарында жыйын өткөрүп, кыймылдын Атбашы, Акталаа, Нарын шаардык бөлүмүн түздүк. 16-декабрда Кочкордо жыйын өткөрүп, Жумгал-Кочкор райондор аралык бөлүмүн түздүк. 17-декабрда Балыкчы шаарында Ысыккөл-Нарын облустар аралык бөлүмдү түзүүдө жергиликтүү бийлик тоскоолдуктар жасады. Кысымдын айынан ижара акысы төлөнгөнүнө карабай кафелер жабылып калды. Бир катар пансионаттарга орун сурап бардык, бирок берилбейт деген жооп алдык

Бирок мындай тоскоолдуктарга карабай конференция Балыкчы шаарында өткөрүлүп, кыймылдын эки облустагы жетекчилиги шайланды.
XS
SM
MD
LG