Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:56

Активист соттолду


18-декабрда Кытайдын соту Пекинде нааразылык акциясын уюштурууга аракет жасаган активистти төрт жылга түрмөгө кести. Йе Гуозху жергиликтүү чиновниктер арасындагы коррупцияга каршы чыгып, 10 миңдей адам катышаары болжонгон акция өткөрүүгө аракет кылган. Анын баласы Йе Миңжан Рейтер агенттигине “атамды сот эл арасына бүлүк салып, каршылыкты күчөтмөк болгон деп айыптады” деп билдирген. Ошол эле маалда сот айыпталуучуга өз пикирин айтууга сөз да берген эмес. Йе Гуозху август айында камакка алынган. Нааразылык акциясын өткөрүү болсо сентябрга болжонуп жаткан болчу.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG