Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:32

Бороондон жети адам мерт болду


Франциянын түндүгүндө жана Парижде 18-декабрда болгон алай-дүлөй катуу шамалдын кесепетинен жети адам каза тапты. Алардын үчөө кайыгы деңизде аласалып кетип, мерт болушту. Бир аял болсо машине айдап баратканда дарак кулап анын натыйжасында көз жумду. Оң миңдеген үй-бүлөлөр электр кубатысыз калышты. Бороон-чапкындын ылдамдыгы саатына 130 чакырымга жетти. Француз бийликтери унаа каттамдарын убактылуу токтотууга аргасыз болушту.

XS
SM
MD
LG