Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:45

Таиланд дагы козголоңчулардан жапа чегүүдө


Таиланддын премьер-министри өлкөнүн түштүк аймактарына кол салып жаткандар Малайзияда экстремисттердин лагеринде машыгуудан өтүп келип жатышат деп билдирди. Чаксин Шинаватранын айтымында айрым куралчандар болсо Индонезиядагы экстремисттик уюмдардан колдоо алышууда. Бирок ал Малайзия менен Индонезиянын өкмөттөрү эч убакта козголоңчуларды колдогон эмес, бул өлкөнүн бийликтери ырасмий Бангкок менен тыгыз кызматташып жатышат деп кошумчалады. Жыл башынан бери козголоңчулардын кол салуусунан Таиланддын түштүгүндө 500дөй адам каза тапты. Алты миллион калкы бар Таиланддын эки миллиондой эли будда динин тутат жана алар негизинен өлкөнүн Малайзия менен чектешкен түштүгүндө жашашат.

XS
SM
MD
LG