Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:04

Экологдордун жыйыны аяктады


Аргентинанын борбору Буэнос-Айресте Бириккен улуттар уюмунун жер шарынын абасынын ысып баратышына байланыштуу эки апталык жыйыны соңуна чыкты. Конференция чоң ийгиликтерге жетпесе дагы, эмдиги жылдын май айында Германияда дагы бир ирет чогулуу боюнча орток чечим кабыл алынды. 80дей мамлекеттин экология министрлери 2012-жылы күчүн жогото турган Киото протоколунан кийин эмне кылабыз деген маселеге баш оорутушту. Жер бетинин аба ырайын булгаган газ, түтүндөрдүн төрттөн бирин чыгарган Кошмо Штаттары Киото протоколуна кол койбой келатат. Аргентинадагы конференцияга катышкандар Германияда эмдиги жылы майда өтө турган жыйындан бир пайда болор деген үмүт менен таркашты.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG