Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:10

Мубарак америкалык аскерлер Ирактан кетиши керектигин айтты


Германияда чыгуучу “Шпигель” журналына берген интервьюсунда Египеттин президенти Хосни Мубарак Кошмо Штаттарынын куралдуу күчтөрү Иракта коопсуздукту камсыздай албай калды, ошондуктан алар жергиликтүү куралдуу күчтөргө жана полицияга алмаштырылышы зарыл деген оюн айтты. Египеттин президенти ошондой эле Американы Иракта курал колдонууну таптакыр токтотууга чакырды.
17-декабрда Ирактын түндүгүндөгү Мосул шаарында төрт адам окко учту. Каза тапкандардын үчөө чет элдиктер, бирок алардын ким экени тактала элек. Түркиянын тышкы иштер министрлиги алар өз элчилигинин дайынсыз жок болуп жаткан кызматкерлери болушу ыктымал деген билдирүү жасады. Багдаддын түштүгүндө болсо мунай түтүгү жардырылып, чоң өрт чыкты. Фаллуджада дале кармаштар уланууда. Козголоңчулардын каршылыгы Иракта шайлоо жакындаган сайын күчөп жатат. Эки күн мурда бул өлкөнүн байланыш министринин орун басары кол салуудан каза тапкан.

XS
SM
MD
LG