Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:28

“Химик Али” сурак бере баштады


Ирактын сот бийлиги өлкөнүн мурдагы коргоо министри Султан Хашим Ахмадды жана генерал Али Хасан аль-Мажидди суракка алууну баштады. Генерал аль-Мажид Саддам Хусейиндин тушунда 1980-жылдардын аягында Халабжа шаарында күрттөргө каршы химиялык курал колдонгону үчүн айыпталып жатат. Саддам Хусейиндин буйругу менен аткарылган ал кыргындан он миңдеген күрттөр каза табышкан. Ошондон улам аль-Мажид “химик Али” деген да атка конгон. Сот жообуна баш-аягы он бир аскер чиновниги тартылып жатат. Ирактын мурдагы президенти Саддам Хусейин болсо бир жылдан бери камакта.

XS
SM
MD
LG