Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:02

ЖАНКАРАЧ БИЙ


Султан Абдырахманов, Бишкек Жанкарач баатыр он тогузунчу кылымдын отузунчу жылдарынан алтымышынчы жылдарына чейин кыргыздын солто уруусунун башчысы катары, элди ынтымакчылык, биримдикке жетелеп дыйканчылыкты өнүктүрүү иштерине аракет жасап келгендиги тарыхта белгиленип калган.

Инсандын баскан жолу менен терең тааныштыгы бар тарыхчы Токторбек Өмүбеков:

- Айтылуу Талкан бий, Кошой бий, Жаман Сарт баатыр, Түлөберди бий сыяктанган кыргыздын мыктылары Жанкарачтын ата-бабаларынан болушкан. Алар да өз заманында калмак кыргыз кармаштарынын маалында кыргыздардын бир канатынын башында туруп, көз карандысыздык күрөшүнүн жол башчылары болушкан. Жанкарач бий башкарган солто уруусу тарыхый так маалыматтардагы кабарга караганда, Чүй боорунун борбордук бөлүгүн жана этегин мекендешкен. Чокон Валихановдогу жазылган маалыматтарга караганда, кийинки архивдик даректерге караганда, 19-кылымдын 40-50-жылдарында солто уруусу 20 миң түтүндү түзгөн. 30-40-50-жылдарда Сарыөзөн Чүйдүн болжолу менен Ысыкатадан тартып Меркеге чейинки бөлүгүн мекендеп турган. Атүгүл айрым маалыматтарга караганда, солто уруусу Олуя атага чейин, азыркы Тараз шаарына чейинки Чүйдүн этегин жайлап, кыштап турган экен. Солтолор Таластын башында да жайгашкан. Мына ушул чоң аймакты мекендеген кыргыздын оң канатка кирген чоң уруу солтонун жол башчысы Жанкарач бий болгон . - деди тарых илимдеринин доктору Токторбек Өмүрбеков.

Ар бир доордун өз чындыгы бар. Ошол чындыктардын негиздүүлөрүнүн бири мурдагы кылымдагы кыргыздардын улуттан мурда уруунун ураанын бийик туткандыгы. Мына ошонун айынан алатоонун түндүк, түштүгүндөгү кыргыздардын сырткы күчтөрдүн тепсендисинде калган учурлары арбын болгон. Жанкарач бий солто уруусунун билерманы катары журт чегине ниети бузуктарды жолотпоонун аракетин жасап айланасындагы кыргыз, казактын конушташ уруу башчылары менен алаканы бекемдеп тургандыгы бар. Мына ошол учур тууралуу Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин тарых факультетинин деканы Токторбек Өмүрбеков:

-Бул кишинин коомдук саясий ишмердиги өз замандаштары сыяктуу эле көп кырдуу. Эң башкысы кыргыздын көз каранды эместиги үчүн күрөшө билген, кыргыздардын түпкү кызыкчылыгы үчүн эмгек өтөгөн улуу инсан. Ошонун ичинде өзгөчө көз каранды эместиги үчүн күрөшүнө келе турган болсок, 90-жылдарга чейин, айрыкча Совет доорунда жаралган илимий эмгектерде Кененсары хандын чапкынынын учурундагы Жанкарач бийдин сиңирген эмгеги далдада кала берген, ачылган эмес. Ал эми тарыхый даректерге тереңдеп, үңүлүп карай келгенде Кенесарынын баскынчылыгына каршы күрөштө Жанкарачтын сиңирген эмгеги өтө зор болгон экен. Бул жердин географиялык шартынан келип чыгат. Себеби Кененсарынын алгачкы чапкындары Талас, Чүй аркылуу башталды. Азап-тозоктун көпчүлүгү, оорчулук ушул солто уруусунун тагдырына туш келген. Ошондуктан Жанкарач бий жана анын башкарган калкы солто уруусу баскынчылардын чабуулун өздөрүнүн баатырдык күрөшү менен, кан төгүүлөрү менен тосушкан. Мына ушул жеңишке жетүүдө Жанкарачтын уюштуруучулук жөндөмү зор. Жантай, Ормонхандар менен бирге аягына чейин жеңишке жеткизген кыргыздын баатырларынын бири. Андан башка дагы бул кишинин көп кырдуу ишмердиктери бар - деди профессор Токторбек Өмүрбеков.

1855-60-жылдарда күчүнө кирген орус бийлик ээлеринин бүгүнкү Кыргызстандын түндүгүнө өкүм жүргүзө баштаганда Жанкарач Эшкожо уулу буга моюн сунбай Чүйдөн Таласка журт которгон. Баатырдын журт которуусу 1863-жылга туш келет. Бир жылдан кийин 1864-жылы Жанкарач баатырдын Таласта көзү өтүп, сөөгү ошол жерге коюлган.
XS
SM
MD
LG