БИШКЕК. Ош облусунун Карасуу районуна караштуу Кызылтуу айылынын Чарайгыр участогунда ишембиде жер көчүп токтоп калган. Жер көчкү 10 үйдү басып калуу коркунучу бар. Учурда Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан 10 үй-бүлө палаткаларга көчүрүлүп, жер көчкүнүн алдын алуу иштери тиешелүү кызматтар тарабынан жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан жекшембиде билдиришти.