Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:41

Алматы – Бишкек жолунда автокырсыктан 4 адам набыт болду


БИШКЕК. 18-декабрда саат 15 тен 45 минут өткөндө Алматы-Кордой-Тараз автожолунун 178-чакырымында “Форд-Транзит” кичи автобусу менен оор жүк ташыган “КАМАЗ” автоунаасы менен кагылышып, кырсыктан 4 адам набыт болду. Бул тууралуу Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан жекшембиде билдиришти. Маалыматка караганда кичиавтобуста 13 адам болгон. Алардын алтоо Кыргызстандын атуулдары. Кичиавтобустун айдоочусу Бишкек шаарынын тургуну Николай Скорых кырсык болгон жерде мүрт кеткен. Учурда Казакстандын ички иштер министрлигинин кызматкерлери тарабынан кырсыктын чоо жайы иликтенүүдө.

XS
SM
MD
LG