Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:45

ПАКИСТАН: МУШАРАФ АРМИЯ БАШЧЫЛЫГЫНАН КЕТПЕЙТ


Пакистан президенти Первез Мушарафтын жаңы жылдан кийин да армия башчысынын кызматын сактап калары жөнүндөгү жарыясы өлкө парламентиндеги оппозициячыл депутаттардын нааразылыгын жаратууда. Мушараф башкы командачылыктан кетүүнү былтыр убада кылып, мунун ордуна оппозиция өлкө Конституциясына президенттин ыйгарым укуктарын кеңейткен өзгөртүүлөрдүн киргизилишин колдогон эле.

Первез Мушараф бийликти 1999-жылдын октябрында аскерий төңкөрүш жолу менен ээлеген. Ошондон бери ал өлкө башчысынын да, армия башчысынын да кызматын аткарат. Ал армия башчысынын кызматын жаңы жылдан кийин да сактап каларын ушул жума күнү жергиликтүү телеканалдардын бириндеги интервьюсунда айтты:

-Ооба мен аскердик формада калам. Мен бул тууралуу биринчи жолу айтуудамын, жакынкы күндөрү мунун себептерин түшүндүрүп элге кайрылмакчымын. Биз бүгүн кайсыл жердебиз, эмнеден баштаганбыз, эмнеге жеттик, эмнеге барышыбыз керектигин ошондон соң сүйлөшөбүз.

Пакистан парламентиндеги исламчылар Мушарафтын мындай планына каршылык көргөзөрүн эскертишүүдө. Анткени, ал былтыр парламенттеги исламчыл партиялардын альянсы менен соодалашып, армия башчысынын кызматынан ушул жылдын соңунан тартып кетүүнү убада кылган. Мунун ордуна исламчылар өлкө Конституциясына президенттин ыйгарым укуктарын кеңейткен, анын ичинде парламентти таратууга мүмкүндүк берген өзгөртүүлөрдүн киргизилишин колдогон болчу. Бирок өткөн айда парламентте көпчүлүктү түзгөн, Мушарафты жактаган күчтөр ага эки кызматта тең калууга жол ачкан мыйзамдын кабыл алынышына жетишкен эле. Ал өзү мындан мурдакы сөздөрүндө армия башчысынын кызматынан кетиши Пакистандын террорго каршы АКШ жетектеген согуштагы жана Индия менен тынчтык орнотуу аракеттерине кесепетин тийгизерин айткан. Мушараф ошондой эле калктын көпчүлүгү анын армия башчысынын кызматында калышын колдоорун да белгилеген.

Өлкөдөгү исламчыл партиялардын "Муттахида Мажлис-е-Амал" альянсынын лидери Кази Хуссеин Ахмеддин билдиргенине караганда, алар жекшембиден тартып Равалпинди жана Исламабад шаарларында демонстрацияларды өткөрүүгө киришмекчи. Аталган уюм Мушарафка каршы жүрүштөрдү акыркы аптада эле эки ирээт уюштурган болчу.

Пакистан президентине исламчылар гана эмес башка оппозициячыл топтор, анын ичинде өлкөнүн мурдагы премьер- министри, сүргүндө жашаган Беназир Бухуттонун Пакистан Элдик партиясы да чакырык таштап келүүдө. Бирок Исламабаддагы саясий аналитиктер мындан Мушарафака көп деле коркунуч жок деп эсептешет. Себеби өлкө парламенти азыр президентти жактагандар менен алардын өнөктөштөрүнүн көзөмөлүндө. Аналитиктер ошндой эле Пакистандын оппозициясы чачыраган, биримдиги жок экенин кошумчалашат. Белгилүү саясий баяндамачы Нажам Сетхинин айтымында, ал үчүн Мушарафтын жарыясы күтүүсүз эмес. Ага натыйжалуу каршылык көргөзүү үчүн оппозициянын биригүүгө жөндөмдүү экенин азырынча билине элек. Журналисттин пикиринде, эл арасында бир аз толкундоолор болушу мүмкүн, ал эми Мушараф бийлигин АКШнын жана Пакистан армиясынын колдоосу астында кармоону улантат.

Батыш өлкөлөрү Мушарафтын мындан беш жыл мурун бийликке демократиялык эмес жол менен келгенин сынга алган. Бирок 2001-жылдын 11-сентябрындагы окуялардан кийин Мушарафтын террорго, анын ичинде "ал-Каида" уюмуна каршы АКШ жетектеген согушка кошкон салымынан улам мындай сындар токтоду.

Мушараф акыркы жылдары кеминде үч ирээт өмүрүнө кол салуу аракетинен аман калды. Өлкөнүн коопсуздук кызматтары муну жасагандар катары Пакистандын антитеррордук согушта АКШ менен кызматташканына кыжыры кайнаган диний экстремисттерди атаган болчу.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG