Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:20

21-декабрга карата аба ырайы тууралуу маалымат


Синоптиктердин билдирүүсү боюнча 21-декабрда Кыргызстанда мезгил-мезгили менен кар жаап, туман түшөт, жолдор тайгак болот.

Абанын температурасы:

ЧҮЙ өрөөнүндө түнкүсүн –12...-17 , күндүз –2...-7 градус суук.
ТАЛАС дубанында түнкүсүн –14...-19, күндүз –3...-8 градус суук болушу күтүлөт.
БАТКЕН, ОШ, ЖАЛАЛАБАД аймактарында түнкүсүн –5...-10 градус суук, күндүз –4 градус сууктан +1 градуска жылуу болот.
ЫСЫККӨЛ ойдуңунда түнкүсүн –8...-13, ал эми күндүз 0...-5 градус суук.
Тоолуу НАРЫН облусунда түнкүсүн –16...-21, күндүз –5...-10 градуска чейин суук болот.
БИШКЕК шаарында мезгил-мезили менен кар жаайт, абанын температурасы түнкүсүн –13...-15, күндүз –4...-6 градус суук.


Жаңылыктар топтомун Бүбүкан Досалиева,Бакыт Аманбаев жана облустардагы кабарчылар даярдашты

Редактор Султан Раев.

XS
SM
MD
LG