Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:17

Жер салыгы тууралуу мыйзам долбоору талкуулана баштады


БИШКЕК. Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу жыйыны өз округдарында иштөө үчүн күн мурунтадан белгиленгендей, декабрь айынын жыйырма бешинде эмес, декабрь айынын соңунда тарашат. Ошол бойдон депутаттар 17-январда жумушка чыгышат. Мындай мазмундагы токтом Мыйзам чыгаруу жыйынын 17-декабрдагы отурумунда кабыл алынды. Ушул эле күнү Мыйзам чыгаруу жыйыны жер салыгы тууралуу мыйзам долбоорун талкуулоону баштады. Өкмөт өкүлүнүн билдирүүсүнө караганда, Кыргызстанда учурда 1 миллион 226 миң, 900 гектар сугат жер бар. Жер салыгынан жылына өлкө казнасына 360 миллион сом түшөт. Мыйзам долбоорун талкуулоо 21-декабрда улантыла турган болду.

XS
SM
MD
LG