Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:49

Дүйнөлүк банк грант берет


БИШКЕК. Дүйнөлүк банк 2006-2008-жылдар аралыгында Кыргызстанга 115 миллион доллар өлчөмүндө грант берүүгө ниеттенип жатат. Мындай маалымат чет элдик инвестициялар боюнча консультативдик кеңештин катчылыгынан алынды. Маалыматка караганда, Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү мындай маалыматты өткөн жумада банктын стратегиялык тобунун Афина шаарында өткөн жыйынында билдирген. Кыргызстандын жыйынга катышкан вице-премьер министри Жоомарт Оторбаевдин айтымында, кыргыз өкмөтү эмдиги жылы Дүйнөлүк банк берчү грант жумшала турган келечектүү тармакты тактап, кедейликти жоюу боюнча улуттук стратегиянын алкагында жаңы стратегияны иштеп чыгат.

XS
SM
MD
LG