Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:22

«Жаңы Кыргызстан» партиясынын Жалалабад областтык бөлүмү билдирүү таратты


ЖАЛАЛАБАД. Кайрылууда партия Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо боюнча округдук комиссиялардын курамын түзүү жараяны мыйзам бузуулар менен коштолгонун белгиленди. Анткени, Жалалабад округдук шайлоо комиссиясына кирүүгө партия 11-декабрда тиешелүү документтерин шаардык кеңешке тапшырганы менен партиянын өкүлдөрү 15-декабрда болгон облустук кеңештин сессиясына чакырылган эмес. Шаардын округдук шайлоо комиссиясына баягы эле «Алга, Кыргызстан!», «Менин өлкөм», «Адилет» өңдүү бийликчил уюмдар кирди деп эсептеген партия шайлоо комиссиясын кайра түзүүнү талап кылды. Облустук шайлоо кмиссиясынын жообу боюнча облустук комиссияга «Жаңы Кыргызстандын» шаар бөлүмүнөн эч кандай билдирүү түшпөгөн жана округдардын курамына облуста 13 партиянын өкүлдөрү сунуш болгон.

XS
SM
MD
LG