Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:40

Таластагы шайлоо комиссияларында партия өкүлдөрүнүн саны бирдей эмес


ТАЛАС. Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоо боюнча Таласта түзүлгөн 3 округдун комиссия курамдарында саясий партиялардын өкүлдөрү бир кылка болбой калды. Комиссия курамынын үчтөн бири саясий партиялардын өкүлдөрү болсун деген талап №55 Бакайата шайлоо округунда гана сакталды. №54 Талас шайлоо округунда «Алга, Кыргызстан!» менен «Адилет» партиясынын гана эки өкүлү сунушталган. №44 Карабуура шайлоо округунда да комиссия мүчөлөрүнүн үчтөн бири саясий партиянын өкүлдөрү төрт гана адамдан турат. Шайлоо кодексинин бул талаптарынын аткарылбагандыгын өз өкүлдөрүн сунуш кылбаган саясий партиялар күнөөлүү деп түшүндүрүштү округдук комиссиялардын курамдарын түзгөн облустук кеңештин өкүлдөрү. Ал эми облустук кеңештин депутаты Жусуп Иманалиевдин билдиргенине караганда, округдук комиссиялардын курамдарын түзүүдөгү минтип ойкутуп-кайкытуу атайлап жасалды. Маселен, ошол эле №55 Бакайата шайлоо округундагы комиссиянын он беш мүчөсүнүн бешөө бир айылдын тургундары болуп калышкан.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG