Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:59

Парламент депутаттыгына талапкерлерди каттоо 21-декабрда башталат


БИШКЕК. 21-декабрдан баштап Жогорку Кеңештин депутаттыгына ат салышууну каалаган талапкерлерди расмий каттоо башталат. Анткени Кыргызстандын Шайлоо кодексине ылайык болочок талапкерлерди каттоо мамлекет башчынын парламенттик шайлоону өткөрүү боюнча жардыгынан он күндөн кийин башталары белгиленген. Борбордук шайлоо комиссиясынын маалымат кызматынын билдирүүсүнө караганда, 21-декабрда БШКнын кезектеги жыйыны өткөрүлүп, анда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо округдарынын соңку чиймесин такталып,маалымат каражаттарына жарыяланат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG