Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:14

Оппозиция өкүлдөрү Грузия жана Украинадагы бийлик алмашуу ыкмасын жокко чыгарбайт


БИШКЕК. Оппозициялык маанайдагы «Кыргызстан элдик кыймылы» келээрки парламенттик, президенттик шайлоолордо буга чейин Грузияда жана Украинада орун алган бийлик алмашуу ыкмасын жокко чыгарбайт жана колдойт. Мындай билдирүүнү 17-декабрда өткөн маалымат жыйында Кыргызстан элдик кыймылдын өкүлдөрү жасашты.
- Биз келээрки шайлоолордо нааразылык акцияларын уюштурбайбыз. Бирок окуянын мындай өнүгүшүн жокко чыгарбайбыз. Анткени Грузия жана Украина эли өздөрүнүн Конституциялык укуктарын коргоо үчүн өз эрки менен көчөгө чыгышты. деди Кыргызстан элдик кыймылынын мүчөсү Замира Сыдыкова.
Ал эми өкмөт башчы Николай Танаев 18-декабрда Чүй обласынын активдери менен өткөрүлгөн жыйында «биз келечекте Кыргызстанда Грузиядагыдай бийлик алмашууга жол бербөөбүз керек» деген оюн билдирди.

XS
SM
MD
LG