Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:31

ТЕАТРДА БАЛКАН, ИЧКИ ЖАНА БОРБОРДУК АЗИЯ ӨНӨРҮ ШИРЕЛИШТИ


Түркүн тилдерде сүйлөгөн черногориялык, алатоолук жана орхондук өнөрпоздор бир эле театр сахнасында өз эне тилинде ойноп, орток пьесаны сахналаштыра алабы? Салттык театр өнөрүндө бул – мүмкүн эмес көрүнүш. Азыркы европалык драма өнөрүндөгү оригиналдуу багыт болсо тилдер менен дилдердин жуурулушуусуна жетишкен дал ушундай ыкмага негизделген. Жекшембиде Прага шаарындагы «Алфред-ве-дворе» театрында көрүүчүлөргө сунуш кылынган жаңы оюн тууралуу азыноолак кеп козгойлу.

Көчмөндөр цивилизациясынын мекени Ички жана Борбордук Азиянын кулундарынан болгон монголдор менен кыргыздар канчалык бири-бирине жакын экенин кыргыздын кыл кыягы менен монголдун морин хуур аспабында ойнолгон күүлөрдү угуп эле аңдаса болот. Бул элдердин фольклордук мурасы, алар байырлаган жерлердеги табият менен бул көчмөн элдердин ыр-күүсүнүн бири-биринен ажырагыс байланышы тууралуу арбын кеп айтылып келет.

Прагадагы «Алфред-ве-дворе» (Alfred ve dvoře) театрында декабрдын 19унда көрүүчүлөргө тартууланган оюнда европалыктар ички жана борбордук азиялык элдердин музыка, бий жана дастан айтуу өнөрүндөгү мурасы менен өздөрүнүн Балкандагы мурасын байланыштырып кароо мүмкүнчүлүгүн алышты.

Теги черногориялык театр адиси, өнөрпоз, драматург жана окутуучу Биляна Голубович (Biljana Golubovic) «Мандухай» деп аталган театр жолугушуусунун демилгечиси жана алып баруучусу болду. «Мандухай» - монгол дастанынын кейипкери, хан өлгөн соң, эл-жерин коргоо милдетин өз мойнуна алган баатыр каныша.

Голубович айым бул оюндун эпиграфы катары «Манас» дастанынын» «Айың менен Күнүңдүн ширөөсүнөн бүткүндөй, Асман менен Жериңдин бир өзүнөн бүткүндөй» деген ажайып саптарын сунуш кылган.

Кыргыз комуз күүсү да, оюн маалында чечмеленип айтылган «Күүнүн башы - Камбаркан» уламышы да жаратылыштын бир бөлүгү катары табият менен камыр-жумур жашаган тоо элинин маданий турмушунан кабар берет.

Мултимедия ыкмасы колдонулган оюнда экрандагы жандуу сүрөттөр, фольклор таануу боюнча сыналгы берүүсүнөн үзүндүлөр да көрсөтүлөт.

Ал эми бул оюнга катышуу үчүн Монголиядан атайын келген өнөрпоздор аткарган ыр-бийлер даркан талаанын обонун жүрөгү менен кабыл алган аратты, ламаист бутпарастардын руханий дүйнөсүнүн байлыгын саймедирлеп берет.

Оюндун Нарангерел Сондомин, Бадрах Пурев, Болоро Бадам жана башка монгол өнөрпоздору аткарган бөлүгүнө залдагылар маашырланып, кээде кол чаап калып жатышты.

Оюнга катышкан кыргыз студенттеринин бири Элнура Ыдырысова биз менен чакан маегинде буларга токтолду:

- Бул оюнга Фатима (Шырдакова) экөөбүз да катыштык. Абдан кызыктуу адамдар менен тааныштык. Монголдордун оюнун көрүп, музыкалык аспаптары менен да тааныштык. Ушул мага абдан жакты.

- Алар да кыргыз комузуна кызыгыштыбы?

- Ооба. Анын кайдан, кантип жаралганын сурашты. Биз баарын айтып бердик.

Элнура курбусу Фатима Шырдакова экөө ушул тапта Прагадагы Карл университетинде окушат.

Бул оюндун көрүүчүлөрүнүн бири – прагалык тургун Дана Рецманова мындай дейт:

- Жаңы эле кыргыз, монгол оюнчулары жана Черногориядан келген өнөрпоз аткарган оюнду көрдүк. Чынында да бул оюн ажайып экен! Мага ал абдан жакты.

Жекшембидеги оюн улам жаңыча ыкма табуу үчүн изденген театр жамаатынын - Биляна Голубович жетектеген БАРТ аттуу ассоциациянын кезектеги долбоору болду.

2003-жылы дал ушул жамаат бишкектик кесиптешибиз, театр драматургиясы боюнча адис Аман Жапаровдун жана башка кыргызстандыктардын катышуусу менен «Манас» дастанын муундан муунга жеткирген өнөрпоздордун – манасчылардын өнөрү менен прагалыктарды тааныштырган импровизациялык оюнду тартуулаган эле.
XS
SM
MD
LG