Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:13

ПРЕЗИДЕНТТИ ДЕПУТАТТАР ЧАЙГА ЧАКЫРДЫ, ЖА ҢЫ ПАСПОРТ МАФИЯСЫ, БОРООН БОЛООР АЛДЫНДА, «НАПОЛЕН» МЕДАЛЫН АЛГАН КЫРГЫЗ, 50 МИҢ СОМДУК БАЛАТЫ

Кабыл Макешов, Бишкек 21- декабрдагы “Агым” басылмасында” Акыйкат башкаруу жылында Аскар Акаев жаңылдыбы? деген макала жарыяланса, ал эми “Аалам” гезити Кыргызстандагы мунай кризиси тууралуу макалага орун берди.

21- декабрда, жарык көргөн “Агым” басылмасында журналист Мамат Сабыровдун Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу жыйынынын сессиясында айтылган депутаттардын айрым пикирлерин чечмелеп берди.
Депутат Алымбай Султанов төрагадан президент Аскар Акаевди палатага чакырууну өтүнгөн. “Жакшыбы- жаманбы 5 жыл иштедик, эки ай убакыт калды, президентти бир чакырып көрбөйлүбү.Беш жылда бир келдиңиз, акыркы жолу дагы бир келиңиз, жөн эле тегерек үстөлдө отуруп, депутаттар менен чай ичип кетиңиз деңиз” дейт Алымбай мырза.
Депутат Эркин Булекбаев эл арасында жаңы паспорттун баасына байланыштуу нааразычылык көп экенин айтып, “улуттук жаңы паспорт 29 евро, сомго айландырсак 1500 сом болот экен.Кимдир- бирөө элди дагы бир жолу карактап, канын соруп алгысы келип жатат. Муну 1999- жылы айдоочулук күбөлүктү алмаштырууну ойлоп тапкан мафия жасап жаткан сыяктанат. Себеби, ошол технология колдонулуптур. Бул ишке өкмөт мүчөлөрү да аралашкан болушу мүмкүн. Алардын ойлору ишке ашса, кимдир- бирөөнүн чөнтөгүнө 200 миллион долларга жакын акча түшөт” дейт депутат Эркин Булекбаев.
“Депутаттар бул маселени жума күнү,өкмөттүк саатта кароону чечишти” деп жазат Мамат Сабыров.
.
Ушул «Агым» гезитинде дагы кандай макалалар жарыяланганы тууралуу жооптуу катчы Гүласина Каленова буларды айтып берди:
- «Сессия сүртүмдөрү», быйылкы «Акыйкат башкаруу жылында Аскар Акаев жаңылдыбы? деген суроого Аслан Сартбаев «Бороон болоор алдында» деген макаласында жооп берген. Белгилүү ишкер Тынчтыкбек Конушбаев Каба уулу Кожомкул балбандын эстелиги канча каражатка курулганы, кантип орнотулганы, аны кимдер жасаганы жана Франциянын «Наполен» алтын медалы ага Парижде качан тапшырылаары тууралуу кенен айтып, ой бөлүшкөн. Журналист Жеңишбек Эдигеев менен белгилүү төкмө акын Жеңишбек Токтобековдун жаңы жыл алдындагы маеги, «Клон» сериалы, дүйнө жана спорт жаңылыктары чыкты.
Ошондой эле шейшембиде жарык көргөн “Аалам” басылмасында журналист Семетей Талас уулунун “Кыргызстан дүйнөлүк мунай кризисине даярбы?” деген аналитикалык макаласына орун берди. “Жакын арада дүйнөлүк мунай баасы кымбаттайт. Кыргызстан коңшулары Орусия менен Казакстандын көз каранды. Мунайдын көтөрүлүшү жол киреге, азык- түлүк, күндө керектелүүчү товарлардын баасынын жогорулашына себеп болууда. 2010- жылдан тартып дүйнөлүк мунай кризиси башталат өңдүү. Кейиштүүсү, ага Кыргызстан даяр эмес” деп жазат Семетей Талас уулу.
«Аалам» гезитинин жаңы санындагы макалалардын мазмуну тууралуу редактордун орун басары Кенжебек Арыкбаев мындай дейт:

- Парламенттик маалыматтарга орун бердик. Анда 2- январдан 17- январга чейин Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаттары шайлоо округдарына барып, шайлоочулары менен жолугушууга барышаары тууралуу маалымдалат. Ошондой эле «Коркконго кош көрүнөбү?» деген рубрикада Чүй облусунун активдери менен жолугушууда өкмөт башчы Николай Танаев «эч кандай революцияларга жол бербеш керектигин» белгилеп, алдына ала чочуп турганы айтылат. Өкмөттүн аппарат башчысы Бекболот Талгарбеков Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасы Абдыганы Эркебаевге өкмөт мүчөлөрүнөн кимдер алдыдагы парламенттик шайлоого катышаарын билдирген тизме жөнөткөн. Бул иш- чара мыйзамга каршы тураарын билдирген депутат Азимбек Бекназаровдун пикир да жарык көрдү.

20- декабрдагы “Вечерний Бишкек” басылмасында кабарчы Александр Тузов да жаңы паспорттун баасы тууралуу жазып, 1- январдан баштап эски үлгүдөгү паспорт берилбей тургандыгын, өлкөнүн финансы министрлиги кирешеси 350 сомдон төмөн эң жакын атуулдар жана Атамекендик согуштун ардагерлери үчүн жеңилдиктерди караштырып жатышкандыгын маалымдайт. Ушул басылманын кабарчысы Юлия Скирда Бишкекте жаңы жылга карата 23 метрлик балаты орнотулуп, аны алып келүүгө, жасалгалоого казынадан 50 миң сом каражат бөлүнгөнүн кабарлайт.

XS
SM
MD
LG