Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:38

Түркмөнстанда парламенттик шайлоо өттү


Шайлоодо парламенттеги элүү орун үчүн 131 талапкер атаандашты. Талапкерлердин баары өлкөдөгү жападан жалгыз партия - Түркмөнстандын Демократиялык партиясынын (мурдагы Коммунисттик партиянын) мүчөлөрү. Расмий маалыматка караганда добуш берүүгө жалпы шайлоочулардын 77 пайызы катышкан. Өлкө бийликтери муну жогорку активдүүлүк катары баалоодо. Шайлоого бир да эл аралык байкоочу катышкан жок. Европадагы Коопсуздук жана кызматташтык уюмунун өкүлү Урдур Гуннарсдотир Түркмөнстандагы шайлоо жөнүндө эч нерсе айта албастыгын мындайча билдирди.

- Түркмөнстандагы шайлоого катышпагандыктан, биз ал жөнүндө эч нерсе айта албайбыз. Биз байкоочулар тобуна өлкөгө кирүүсүнө уруксат берүүсүн өтүнүп кайрылганбыз. Бирок биз алар үчүн виза ала алган жокпуз жана түркмөн тарап виза бербегендигинин себеби тууралуу эч кандай түшүндүрмө берген жок.

XS
SM
MD
LG