Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:19

“Байкалфинансгруптун” артында ким турат?


«Югансктефтегаздын» сатылышы менен Орусиядагы эң ири мунай компаниясы кыйроого учурады» деп билдирди бүгүн “ЮКОСтун” мурдагы башчысы Михаил Ходорковский өз адвокаттары аркылуу. Орусиянын федералдык мүлк корунун өкүлү Владимир Зеленцов акция акысын төлөө алдыдагы майрамдарга байланыштуу 11-январга дейре узартылганын маалымдады. Андан мурдараак юстиция министрлигинин өкүлү Александр Буксман аукциондо утуп чыккан “Байкалфинасгруп”эгер эки жуманын ичинде акциянын акысын төлөбөсө ишкана мамлекеттин менчигине өтөөрүн билдирген. “Байкалфинансгруптун”артында ким тураары азырынча белгисиз. Анын түзүлүшү тууралуу «Тройка-Диалог» инвестициялык банкынын талдоочусу Жеймс Фенкнер мындай пикирин билдирди:

- Жалпы пикирлерге караганда бул топ ЮКОС АКШдагы сотко кайрылгандан кийин түзүлгөн деп болжоого болот. Ал бир чети аукциондун белгиленген мөөнөттө өтүшүнө жол ачт, анткени аукцион өз убагында өтпөй калса орус бийликтерине терс таасир тийгизет. Экинчи жагынан алганда бул - «Газпромбу» же «Сургутнефтегазбы» - акыр аягы ал аркылуу мүлктүн мамлекеттин колуна өтүшүнө шарт түзөт.

Кечээ Москвада өткөн аукциондо ЮКОС мунай компаниясынын негизги ишканасы-«Юганскнефтегаздын» 77 пайыз акциясын буга дейре анчейин белгисиз Байкал финансы тобу деп аталган фирма утуп алган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG