Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:27

Шахталарда коопсуздукту күчөтүү зарыл


БИШКЕК. Экология жана күтүүсүз кырдаалдар министрлиги көмүр шахталарындагы коопсуздукту камсыз кылып, аларды кайтарууну күчөтүүнү талап кылууда. Министрликтин басма сөз кызматынын башчысы Эмил Акматовдун айтымында, буга жеке менчик көмүр шахталарынан көмүр казып, сатып жан баккан жумушсуздардын кырсыкка көп учурап жаткандыгы түрткү болду. Жыл башынан бери техногендик себеп менен каза болгон 26 адамдын ичинен көмүр казып жаткан маалда жер кулап, каза болгондордун саны 7ге жакындады. Азыр көпчүлүк шахталар жеке менчикке өткөн менен аларды техникалык коопсуздук боюнча жоопкерчиликтүү адистер иштебейт. Аларды иштетүү киреше бербегендиктен көбү кароосуз калган. Эмил Акматовдун айтымында, шахта ээлерин коопсуздук чараларын көрүүгө милдеттендирүүчү мыйзам жобосунун жоктугу да кырсыктардын көбөйүшүнө өбөлгө түзүүдө.

XS
SM
MD
LG