Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:48

Энергетика тармагына 70 жыл


БИШКЕК. 21-декабрда Кыргызстандын энергетика тармагынын түзүлгөндүгүнө 70 жыл толду. Ага арналган салтанаттуу жыйын улуттук филармонияда болуп, ага президент Аскар Акаев, премьер-министри Николай Танаев баштаган өкмөт өкүлдөрү, депутаттар жана тармак өкүлдөрү катышты. Азыр Кыргызстанда 16 гидроэлектрстанция, 2 жылуулук станциясы иштеп, жылына 12 миллиард киловатт саат электр энергиясын иштеп чыгат. Бирок, өндүрүлгөн энергиянын 40 проценти жоготууга учурап, электр акысын жыйноо 50 гана процентти түзөт. Ушундан Эл аралык валюта кору 2005-2007-жылдардагы жаңы программасынын алкагында жоготууну жоюп,тарифти чыгымды актагандай деңгээлге көтөрүүнү талап кылууда. Ал эми монополияга каршы күрөш департаменти энергетика агенттигинин 2005-жылы тарифти 44 процентке жогорулатуу сунушун четке какты.Иликтөө тарифти көтөрүүгө негиз жок экендигин көрсөткөн.

XS
SM
MD
LG