Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:23

СӨЗ МААНИСИН ИЗДЕГЕН ААЛЫМ


Академик Бүбүйна Орузбаева кыргыз сөзүнүн теориялык проблемаларын иликтөөгө бүт өмүрүн арнаган инсан. Анын кутман курак мааракеси алдында жарыкка чыккан 4 илимий эмгеги кыргыз тилинин азыркы абалына арналган.

- Менин колумдан келер силерге бере турган маараке маалында белегим – бүтүн мен тилчи, лингвист дегендерге жанагы жакында эле жарыкка чыккан 4 китепти, бешинчиси балам чыгарган менин илимий ишмердигим тууралуу китепти ар бириңердин колуңарга баштыкка салып берем. Баарыбыз жаңы чыккан китептердин нускасын ичара бөлүп алабыз.

Өткөн кылымда кыргыз тил илимин жалпы эле түркологиянын бийик деңгээлине көтөргөн Болот Юнусалиев, Игорь Батманов, Константин Юдахин, Жапар Шүкүров, Кусейин Карасаев сындуу дөө-шаалардын катарында олуттуу салым кошкон академик Бүбүйна Орузбаева отуздан ашуун илимий монографиялардын, 200 ашуун илимий макалалардын автору.

- Илимий устаттарымды өзүмдүн көсөмдөрүм деп айтам. Устаттарымдын көмөгү менен көп нерсеге жеттим, дүйнөдөгү чоң окумуштуулар, түрк таануучулар менен да менин да ошолор тааныштырышкан. Биздин өлкөдөгү шарт, маданиятка, билимге бүтүн элдин дилгирлиги менен баарыбыз ушундай деңгээлге жеттик,- дейт Бүбүйна Орузбаева.

Профессор Акеш Иманов Бүбүйна Орузбаева кыргыз тилин аркыл өңүттөн аңдап, аны бийик илимий деңгээлге көтөргөн илимпоз деп эсептейт.

- Көзү өтүп кеткен залкарлар: Константин Юдахин, Болот Юнусалиев, Кусейин Карасаев, Калкабай Сартбаевдер менен чогуу иштеп кыргыз лингвистикасын жалпы түркологиялык деңгээлге жеткирген чоң окумуштуу.

Академик Аскар Какеевдин ырастаышнча, Бүбүйна Орузбаева сөздүн илимий филологиялык маани-мазмунун так чечмелеп берген илимпоз.

- Сүйлөм - бул ар бир этностун табериги, кандай гана эл болбосун ал ириде үч мүчөлүү сүйлөм менен сүйлөйт. Оюн билдирет. Ошондуктан бир тилден экинчи тилге которууга мүмкүнчүлүк ачылат. Бүбүйна эже ушул багытта илимге өзгөчө салым кошуп, эне тилибиздин илимий ачылышына чоң салым кошкон адам. Эже мамлекеттик тилди калыбына келтирүүдө өзгөчө иш жүргүзгөн адам. Патриот адам.

Кутман куракты тосуп аткан Бүбүйна Орузбаева кийинки жылдары мамлекеттик тил маселелерине арналган биртоп илимий эмгектерди жазды. Алардын кийинкиси жакында эле жарык көрдү. Анда 10 жыл ичинде эмне иштер жасалып, кандай милдеттердин башы ачылбай калганы иликтөөгө алынган. Бүбүйна Орузбаева сөздү илимий аңдоо мезгил өткөн сайын тереңдеп, аягына чыкпас проблема экен деген пикирде.

Кыргыз тил илиминин айтылуу дөө-шааларынын жаңы кылымга жете келген өкүлүнүн окумуштуулук, пенделик сапаттары маараке жыйында көп айтылды. Улуттун көзгө басар таберигин иликтеп, баркын көтөрүп, ага өмүрүн арнаган айтылуу илимпоз, чоң инсанга арналган куттук сөздөр дагы айтыла бермекчи.
XS
SM
MD
LG