Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:59

2005-жылдагы жер салыгы такталды


БИШКЕК. 21-декабрда Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйыны «Айыл чарба жерлерин, дачаларды, калк жашаган жерлердеги айыл чарбасына пайдаланылбаган жерлерден жер салыгын алуунун 2005-жылдагы өлчөмдөрү» жөнүндөгү мыйзамды кабыл алды. Долбоорду талкуулоо маалында депутаттар жер салыгын 15 процентке төмөндөтүүнү сунуш кылды. Бирок аны добушка сала келгенде колдоо таппай, былтыркы ченеминде калды. Каржы министрлигинин эсеби боюнча эгер өлчөм азайтыла турган болсо бюджетке 50 миллион сом түшпөй калышы мүмкүн. Ал эми 2002-2003-жылдары айыл жана шаар кеңештери 130 миллион сомдук жер салыгын албай калган. Депутат Ишенбай Кадырбековдун айтымында, ал республикалык бюджеттен берилиши керек. Анткени, жергиликтүү бюджет түзүү принциптери жөнүндөгү мыйзамга ылайык салыктын 90 проценти жергиликтүү бийликте калыш керек. Ушул жыл башында Тажикстандан Кыргызстандын карамагына өткөн Алай районундагы Сарымогол кыштагынын тургундары жер салыгынан толук бошотулду.

XS
SM
MD
LG