Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:33

Ирактын Мосул шаарындагы аскер базасы минометтон аткыланды


Пентагон ырастагандай, бери эле дегенде 22дей киши мерт кетти, жарадар болгондордун саны жарым жүздөн ашты. Базада америкалыктардын жана Ирактын аскер бөлүктөрү жайгашкан. Бул иш үчүн жоопкерчиликти “Аснар ас-Сунна армиясы” деп аталган топ өзүнө алды, бул топту “Ал-Каиданын” бир бөлүгү дешет. Ал эми Бакуба шаарында бүгүн козголоңчулар жергиликтүү бийлик өкүлүн атып кетишти. Башка бир кабарларда Хит шаарында америкалык аскер авиациясынын бомба жапырыгы маалында жергиликтүү төрт тургун мерт болгону айтылат. Аскери бийликтер бу маалыматты ырастай элек.

XS
SM
MD
LG