Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:41

ОРУСИЯ БИРИНЧИ ЖОЛУ «ЭРКИН ӨЛКӨ ЭМЕС» ДЕП АТАЛДЫ


Муса Мураталиев, Москва Көзканадысыз адам укугун коргоочу «Фридом Хаус» уюму дүйшөмү күнү Орусияны «эркин өлкө эмес» деп атады. Ал уюмдун аткаруу директору Женнифер Уиндзор айтымында, Орусияга мындай баанын ыйгарылышы – «бийликтин бир кишинин колуна топтолушу, маалымат каражаттарынын кысымга алынышы жана аткаруу системасынын саясатташып кетишинен» улам болгон. Укук коргоочулар баамында, кеп Орусиянын авторитаризм режимине карай бет алышында. «Фридом хаус» быйыл чыгарган жыйынтыгында адам укугу боюнча Украина менен Грузияда жагдай оңоло,ал эми Беларусия, Армения жана Литвада абал кайра оорлой баштаганын белгилейт.

Көз карандысыз “Фридом хаус” уюму 60 жылдан ашуун ар жыл сайын дүйнө жүзүндө атуулдук эркиндигинин өнүгүшүн иликтөөгө алып анын жыйынтыгын жарыялап келет. Ал уюм элден мурда Америкада демократия жолдон чыгып кетпесин деп аны кепилге алуу максатта уюшулган. Ап кийин эл аралык деңгээлде иш жүргүзө баштап, кадыр баркка ээ болгон.

Мына ошол көз карандысыз уюм быйылкы жылы да жүргүзгөн иликтөө жыйынтыгын жарыялады. Ал жерде Орусияны “атуулдары эркин эмес өлкө” тизмеге кошкон. Бул “эли эркин эмес” аталышта тизмеге Орусиянын 1991 жылдан бери (б.а. СССР тарагандан) бери биринчи жолу илиниши экен.

Мындай көрүнүштү “Фридом хаус” уюмунун аткаруу директири Женнифер Уиндзор:

Орусиянын «эркин эмес өлкө» тизмесине кайтып кошулушу президент Владимир Путин тушунда саясий бийликтин бир колго топтолушу өзүнчө тенденцияга айланып жана анын улам арыны карай күчөп баратышы, бийликтин өлкөнүн маалымат каражаттарын коркутуп-үркүтүүсү, укук коргоо системасынын саясатташтырылышы себепкер болду , - деген.

Анализчилер баамында, мунун артында Кремлдин Укранинадагы президенттик шайлоого кийлигишүүсү, ЮКОС компаниясын уйпалап ордунан тургузбай салышы жана Путин жүргүзүп аткан саясий реформа жаңырыгы да бар.

Кызык жери, өлкөдө бийликтин жаагы катуу болуусун карапайым кишилер ар кыл кабылдашууда. Маселен, карыя коммунист Иван Кузнецов азыркы бийликке ыраазы экенин жашырбайт. Аны кезегинде Сталин тарбиялаган чекисттер жүзөгө ашырып аткандыгын белгиледи:

Элден мурда бийликке Примаков келди. Анын артынан Степашин келди. Бийлик андан соң Путинге өттү. Бул кишилердин баары тең чекисттер. Мындайча айтканда, жетектөөнүн ыгы, куду Сталиндикиндей. Бийлик белгилеген тартипке коллективдин бардык мүчөлөрүнүн милдеттүү түрдө кыңк дебей моюн сунушу болушу керек. Биздин элге андай тартип жеринен жакчу, - дейт Иван карыя

Азыркы өлкөдөгү бийликке сокур ишенүү бир эле саясий элитанын ишмердигинен эмес, элдин өзүнөн деген да ой бар. Андай ойду, маселен, Хельсинки адам укугун коргоо уюмунун Москвадагы бөлүмүнүн жетекчиси Людмила Алексеева айтат:

Тургундарын жакырчылык эзип аткан өлкөдөн анын атуулдары керт башынын жана саясий укугун коргой алат экен деш, ошентет деп андан үмүт этүү мүмкүн эмес, - дейт орусиялык укук коргоочу

«Фридом хаус» чыгарган бүтүмдө 2004- жылы канткен менен дүйнөдө эркиндикке бет алган өлкөлөр саны арткан. Иликтөөгө алынган 192 мамлекеттин ичинен 46 пайызы эли эркин жашаган деген тизмеге кирген. 26 пайызы эли эркин эмес деген тизмеге кирген. Эли саясий куугунтукту аябай жеп аткандар деген да тизме бар, ага: Бирма, Куба, Ливия, Түндүк Корей, Сауддук Аравия жана Түркмөнстан киришет.

Грузия менен Украинадагы шайлоонун бурмаланышы эл нааразылыгын жаратып ошондон улам кайра шайлоо өткөрүүнү «Фридом хаус» оң көрүнүш катары баалаган
XS
SM
MD
LG