Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:37

Дүйшөмбү жана шейшемби күндөрү Германияда орус президенти Владимир Путин менен немец канцлери Герхард Шрөдөрдүн сүйлөшүүлөрү өттү. Өлкөнүн түндүгүндөгү Шлезвиг шаарында болгон сүйлөшүүлөрдүн соңунан эки өлкө ортосунда бир нече келишимдер кабыл алынды. Путин Чеченстан менен байланышкан проблемаларды чечүү үчүн Евробиримдик, анын ичинде Германия менен иштешүүгө даяр экенин билдирди.

Орус президенти Владимир Путин менен немец канцлери Герхард Шрөдөрдүн буга чейинки кездешүүлөрүнөн маалым болгондой эки лидердин жетекчи гана эмес, жеке достук мамилелери да бар.

Бонн шаарында жайгашкан, "Экономика жана коом" институтунун аналитиги Адриан Оттнаддын пикиринде, Германия үчүн азыр Орусия жетекчилигинин эмнесин кабыл аларын, эмнесине макул эместигин аныктоочу чечүүчү учур. Ал белгилегендей, Путин менен достуктун куну кымбатка турбашы керек:

-Балким жакшы дос болуунун, тыгыз алакада туруунун пайдасы бар. Акыр аягында сиз досуңузга башкаларга айта албаган нерсени айтасыз. Бирок, экинчи жагынан, эгер достуктун куну белгилүү бир маселелерден эсептелбей тургандык болсо, менимче биз мындай мамиледен шек санаганыбыз оң.

Орусия менен Германиянын бул жолку саммитти тараптардын пикир келишпестигине өбөлгө берген жагдайлар орун алып жаткан мезгилге туш келди. Атап айтканда, Украинадагы президенттик шайлоого байланышкан талаш, ЮКОС мунай компаниясынын жоюлуп жатышы - мына ошондой маселелерден.

Путин дүйшөмбүнүн кечинде Гамбургда канцлер Герхард Шрөдөр менен жолугушуусунун башталышында маселелердин кеңири чөйрөсүн, анын ичинде басма сөз эркиндигин, Евробиримдиктин Чеченстандагы чатакты жөндөөгө кеңири аралашуу жөнүндөгү сунушун, Украинадагы президенттик шайлоону да талкуулоого даяр экенин айткан эле. Украинада экинчи айлампасы жараксыз деп табылган шайлоодо Батыш-- оппозиция лидери Виктор Ющенкону, Орусия-- премьер- министр Виктор Януковичти колдогон болчу. Маалымат агенттиктеринин билдиргенине караганда, Путин менен Шрөдөр Гамбургдагы жолугушуусунда Украинада 26- декабрда өтүүчү кайталап добуш берүүнүн жыйынтыгы кандай болсо да, урматоону макулдашкан. Ал эми шейшембиде Шлезвиг шаарындагы пресс-конференцияда Путин Германия менен Евробиримдиктен чечен жаңжаалын жөндөө багытында сунуштарды алганын билдирди. Чеченстандагы согуш үч жыл мурда эле аяктаганын белгилеген Путин андан ары сөзүн мындайча улады:

-Бул биз Орусияда жана Чеченстанда проблемага ээ эмеспиз дегенди туюндурабы? Мындай эмес, тескерисинче. Бул чөлкөмдө биздин проблемалар жетиштүү жана биз Европадагы, Германиядагы өнөктөштөр менен ачык иштешүүгө даярбыз.

Германиялык саясий аналитик Петр Зервакистин айтымында, бул ирээт Путинге Гамбург университетинин ардактуу доктору наамын ыйгаруу пландалган эле. Бирок ага унверситеттин факультеттери каршы чыгышкан:

-Университеттин жетекчилигинин мындай кадамына, биз Путинди экономика факультетине кесиптеш катары кошуу менен анын күчтүү авторитардык аракеттерин кошула албайбыз деген факультеттер каршы болушту.

Путинге ардактуу доктор наамын ыйгаруу демилгесинин да өз жүйөөсү бар. Ушундай эле даража мурдараак Санкт-Петербургка келген учурунда немец канцлери Герхард Шрөдөргө берилген болчу. Ал Путиндин визити алдында ИТАР- ТАСС агенттигиндеги маегинде эки өлкөнүн энергетика тармагындагы кызматташтыкка басым жасаган. Азыр Германия мунай менен газга болгон керектөөсүнүн 40%ын Орусиядан алат. Шрөдөрдүн пикиринде, алдыдагы жылдары Германияны мунай –газ менен жабдуу үзгүлтүккө учурабашын кепилдөө үчүн немец команиялары Орусиянын энергетика секторуна көбүрөөк аралашышы абзел. Бирок Орусиядагы акыркы окуялар көргөзгөндөй, немец канцлеринин мындай тилеги орус президентинин пландарына көз каранды болот сыяктуу. Маселен жеке менчиктеги ЮКОС мунай компаниясы жоюлуп, аны мамлекеттин көзөмөлүндөгү ишканага айлантуу жараянын артында президент Путин өзү тураары айтылып келүүдө. Шлезвиг шаарындагы пресс-конференцияда учурунда Путин ЮКОСтун мунай өндүрүүчү негизги ишканасы – "Юганскнефтегазды" сатып алган "Байкалфинасгрупп" компаниясынын артында кимдер турарынан кабардар экенин жашырган жок. Ал эми ЮКОСтун эң ири инвестору - МЕНАТЕП каржы тобунун жетекчилерин бири Тим Осборндун ушул аптада немецтердин "Sueddeutsche Zeitung" гезитиндеги макаласында жазганына караганда, немец канцлери орус президенти ЮКОСту бөлүп-жаруусун көрмөксөнгө салууда.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG