Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:52

9-класттын окуучусу укугун коргоп жатат


НАРЫН. Нарын районуна караштуу Эмгекчил айылындагы Токтосун Байбураев атындагы орто мектебинин 9-в класстын окуучусу Перизат Тугунбекова 16-декабрдан бери мектепке бара элек. Анын себеби аталган мектептин тарбия окуу иштери боюнча директордун орун басары жана Кыргыз адабият сабагынын мугалими Тамара Исмаилова 5-класстан бери эң жакшы деген бааларга окуган окуучуга «2» деген баа коюп салган. Перизат Тургунбекованын жана 9-в-класстын окуучуларынын айтымында, Кыргыз адабияттан берген эжеси аларга бир саатта жети теманы өтөт, чаап урушат, окуучулар талап кылгандай сабак өтө албайт. Ошондуктан алар мектеп директору Эсенкан Толуктоевдин наамына Тургунбекова жана 9-в-класстын окуучулары Кыргыз адабияттан сабак берген мугалимин алмаштырып берүүнү сурап, арыз жазышкан. Андан бери мектеп администрациясы чара көрө элек. Мектеп директордун айтымында арызды кароого убакыт болбой жаткандыктан, аз күндө чара колдонот. Ал эми Тамара Исмаилова болсо Кыргыз адабият сабагы боюнча класста бир гана китеп болгондуктан жети теманы бир өтүүгө айласыз болууда.

XS
SM
MD
LG