Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 05:11

Ысыккөл облусундагы бир катар саясий партиялар президентти колдогон кол топтоого каршы


КАРАКОЛ. «Асаба кайра жаралуу» саясий партиясынын облустагы бөлүмүнүн лидери Канымет Жакыпбектегиндин айтымында, Ош облусундагы «Элим менен элим үчүн» аттуу коомдук фонду тарабынан Аскар Акаевдин президенттик укугун 2010-жылга чейин референдум жолу аркылуу узартуу боюнча кол топтоолору мыйзамга туура келбейт. Башка коомдук фонддор, коомдук бирикмелер, саясий партиялар президент шайлоо аркылуу гана тандалууга тийиш, мына ушундай мазмундагы кол топтоолорду сөзсүз чогултушат. Ошондуктан элдин ыркын кетирбеген, бөлүнүп-жарылуучулукка жол бербеген эң башкысы мыйзамдуулукту сактаган жолду тандоого шайлоочуларга мүмкүнчүлүк берүү керек, дейт Канымет Жакыпбектегин.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG