Линктер

бейшемби, 23-март, 2017 Бишкек убактысы 08:31

Кыргызстандык жаш окумуштуу дүйнөлүк деңгээлде утушка жетти


БИШКЕК. Баш кеңсеси Мараккодо жайгашкан жаш окумуштуулардын бүткүл дүйнөлүк академиясынын башкы ассамблеясынын башкаруу кеңешине Кыргызстандык жаш окумуштуу Чыңгыз Шамшиев мүчө болду. Бул тууралуу шаршембиде Кыргыз мамлекеттик университетинин маалымат катчысы Нурбүбү Ашымбаева билдирди. 29 мамлекет мүчө бул уюмдун 9 өкүлдөн турган башкаруу кеңеши жетектейт. Бул орундар үчүн 23 талапкер ат салышкан. Бул тандоо 11-14-декабрь аралыгында Мароккодо өткөн отчеттук жыйында ишке ашкан. Чыңгыз Шамшиев Улуттук Университеттин Билим берүү программасын интеграциялоо институтунун аспиранты, Франциянын Греннобль университетинин докторанты.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG