Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:07

Акыйкатчы «Слово Кыргызстана» гезитин доого жыкты


БИШКЕК. 1-май райондук сотунун чечимине ылайык Кыргызстандын акыйкатчысына «Слово Кыргызстана» гезити 5 миң сом, гезиттин баш редактору Александр Малеванный 2 миң сом төлөмөй болду. Мындай чечимди сот 8-декабрда кабыл алган. Буга акыйкатчы Турсунбай Бакир уулунун сентябрь айынын этегинде сотко жолдогон арызы негиз берди. Турсунбай Бакир уулу Акыйкатчынын мыйзам чыгаруу жыйынында берген эки жылдык отчету бир катар маалымат каражаттарында туура эмес чагылдырылды деп эсептеп, ошого байланыштуу «Слово Кыргызстана», «Вечерний Бишкек»гезиттерин, Улуттук телерадио корпорациясынын журналисттерин сотко берген. Калган маалымат каражаттары боюнча сот иштери уланууда. Ал эми «Слово Кыргызстанага» 1-май райондук соту чыгарган чечимге макул эмес экендигин жана бул чечим боюнча Бишкек шаардык сотуна кайрылууга даярданып жатканын шаршембиде гезиттин баш редактору Александр Малеванный «Азаттык» радиосуна кабарлады. Бул гезит 28-декабрдагы санына «Омбусман жүзүңдү ач» («Омбусман, открой личико») деген макала жарыялаган.

XS
SM
MD
LG