Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:54

Шайлоодогу чыр-чатактарды алдын алуу маселеси талкууга алынды


БИШКЕК. «2005-жылкы шайлоодогу чыр-чатактуу жагдайларды алдын алуу» маселеси 22-декабрда Бишкекте өткөн тегерек үстөлдө талкууланды. Талкууга Жогорку Кеңештин депутаттары, өкмөттүн, президенттик администрациянын, саясий партиялардын, тартип коргоо органдарынын жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты. Тегерек үстөлдө шайлоодогу саясий партиялардын орду, шайлоо учурундагы талаш-тартыштардын себептери, талдоо жана тажрыйба, шайлоо өнөктүгүнүн мыйзамдуулугу тууралуу баяндамалар талкууланды. Тегерек үстөлдү Европа Коопсуздук жана Кызматташтык уюмунун колдоосу астында Борбордук шайлоо комиссиясы менен «көз карандысыз юрист-окумуштуулар» коомдук уюму уюштурду.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG