Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:01

Орусия менен Өзбекстан кызматташтыкты чыңдайт


22-декабрда Мамлекеттик дума Орусия менен Өзбекстандын ортосунда июнь айында кол коюлган стратегиялык өнөктөштүк тууралуу келишимди ратификациялады. Келишимге ылайык эки мамлекеттин ортосунда саясий, аскердик, экономикалык багыттарда кызматташтык күчөмөкчү. Бул документ эки өлкөнү бири-биринин суверендүүлүгүнө, коопсуздугуна жана территориалдык бүтүндүгүнө коркунуч келтире турган кадамдардан качууга да милдеттендирет. Мамлекеттик думанын Шериктеш мамлекеттер боюнча комитетинин төрагасы Андрей Кокошин бул келишимден кийин Өзбекстанда башка чет элдик аскердик базанын ачылышы боюнча маселени ырасмий Ташкен Москва менен сөзсүз кеңешип турат деп билдирди.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG