Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:26

Фишердин тагдырын Жапон өкмөтү чечет


Шахмат боюнча дүйнөнүн мурдагы чемпиону Бобби Фишердин жактоочулары Жапониянын премьер-министри Дзюнъитиро Коидзумиге кайрылышып, экс-чемпионго Исландияга кетүүгө уруксат сурашты. Фишер беш айдан бери Кошмо Штаттардын өтүнүчүнө ылайык Жапониядан чыгалбай жатат. Ырасмий Вашингтон экс-чемпионду ал 1992-жылы Югославияга барып Борис Спасский менен шахмат ойногону үчүн соттогону жатат. Анткени ал учурда Америка Слобадан Милошевичтин режимине каршы эмбарго киргизген болчу. Бирок Фишер ал эрежени бузду деп айыпталып жатат. Эгер Фишер Кошмо Штаттарынын колуна тийсе ал 10 жылга түрмөгө кесилет жана 250 миң доллар айып төлөйт. Бирок Исландиянын бийлиги гроссмейстерге саясий баш калка берүүгө макул болду. Анткени Фишер 1972-жылы Исландияда орус шахматчысы Борис Спасскийди утуп, дүйнөнүн чемпиону наамын алган.

XS
SM
MD
LG