Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:09

Виктор Ющенко шайлансам Орусия менен кызматташам деди


22-декабрда Украина президенттигине оппозициядан талапкер Виктор Ющенко өлкөдө орус тилин экинчи мамлекеттик тил кылуу маселеси саясий проблемага айланды деп билдирди. Ющенко эгер президент болуп шайланса Орусия менен сөзсүз кызматташаарын жана биринчи ырасмий визитин Москвага жасай тургандыгын кошумчалады. Ющенко саналуу сааттардан кийин телекөрсөтүү аркылуу шайлоочуларына кайрылат. Кечээ орус президенти Владимир Путин 26-декабрда украин эли кимди тандаса ошол адам менен кызматташам деп билдирген эле. Путин буга чейин Януковичти колдоп келген.

XS
SM
MD
LG