Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:17

Эки журналист барымтадан бошотулду


Франциянын Багдадда барымтада кармалып келген эки журналисти 22-декабрда үйлөрүнө кайтышты. Алар түшкөн учак Ирактан чыгып Кипрге келди, эми ал Парижге бет алат. Аларды Франциянын тышкы иштер министри Мишель Барнье коштоп жүрөт. Бул окуяны президент Жак Ширак жалпы элге кубаныч тартуулай турган окуя катары баалады жана эки журналистти басма сөз эркиндиги жана маалыматтын тактыгы үчүн өмүрлөрүн сайышты деп алардын эрдигине таазим кылаарын билдирди. Кристиан Шено менен Жорж Мальбруно мындан төрт ай мурда "Ирактын ислам армиясы” деген топ тарабынан уурдалып кеткен болчу жана алар барымтадан кечээ бошотулушту.

XS
SM
MD
LG