Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:18

Аким Өзгөн, Стамбул шаары, Түркия Түркиянын калкы быйыл бир нан сатып алыш үчүн 250 000 лира төлөп келсе, жаңы жылдан тартып ошол эле нанды 25 куруш (тыйын) төлөп сатып алмакчы. Анткени Анкара өкмөтү, кийинки ондогон жылдардын ичиндеги эң амбициялуу валюта операциясын ишке ашырып, барксыз болуп кеткен улуттук акча - түрк лирасынан алты нөлдү алып салууга камынууда.

Түркийанын өкүмөтү кийинки бир канча жылдын аралыгында өлкөдө сайасий, коомдук жана экономикалык реформаларды Евробиримдикке мүчө болуу үчүн аракет жарайанынын чегинде жигердүү жүзөгө ашырып келет. Өкмөттүн монетардык саясаттагы жаңы жылдагы иш-чарасы келээрки октябр айында башталуусу күтүлгөн Евробиримдик менен мүчөлүк сүйлөшүүлөрүн утурлап, “өлкөдөгү күчтүү базар экономикасы чайпалбай өз нугунда жүрүп жатканын” Биримдикке далилдөө максатын да көздөйт.

Расмий Анкара учурда бир АКШ доллары бир жарым миллион түрк лирасына тете болгон катышты бир доллар – бир жарым түрк лирасы боло турган жаңы катышка алмаштырат. Демек, тагыраак айтканда, жергиликтүү акча бирдигиндеги алты нөл сызылып ташталат.

Өкмөт бул иш-чарасы аркылуу ондогон жылдардан бери Түркийанын калкын алкымдап келаткан инфляция деген балакетти тарыхтын барактарына көмгүсү келет.

Деги, реалдуу турмуш ойдогу максаттын ишке ашуусуна жол береби? Бул өңдүү монетардык иш-чаралардын эл аралык тажрыйбасы көрсөткөндөй, улуттук валютадан нөлдөрдү алып салуу ыкмасы ар дайым эле көздөгөн натыйжаны бере бербейт.

Бирок Түркийанын экономикалык кайра жандануу программасынын кыйла кубаттуу мүнөзү анын буга чейин ушул өңдүү монетардык реформаларды жүзөгө ашырган өлкөлөргө салыштырмалуу кыйла жакшы турумда экенине ишаара кылууда.

Теорийалык жактан алып караганда, улуттук валютадан нөлдөрдү алып салуу жөн эле символдук бир тактика сыяктанат; бирок өткөндүн тажрыйбасы айгинелегендей, эгерде экономикалык кырдаал улуттук валютанын жаңы катышын (курсун) жөлөмөлөй албай калчу болсо, анда мындай тактика майнапсыз аякташы ажеп эмес.

Бүгүнгө чейин дүйнөдө, 1923-жылы Германия жүргүзгөн иш-аракетти кошкондо, дээрлик 50 өлкө улуттук акчасынын нөлдөрүн алып салган учур катталган. Алардын кээ бирлери ийгиликтүү аяктаса, айрымдары бул сыяктуу иш-чараны бир нече жолу кайталоого мажбур болгон.

Мисалы, гипер-инфляцияны баштан кечирген Аргентина, Бразилия жана Израил өңдүү өлкөлөр бул ишке 1945-жылдан бери 4 жолу барышты.

Орусия дагы 1998-жылы жагымсыз бир каржылык кризисти баштан өткөрдү. Өкүмөттүн тоодой үйүлгөн карыздарды төлөй албагандыгы себептүү, рублдан нөлдөр алынып салынгандан 6 ай өтпөй туруп эле, Кремл девальвацияга барууга аргасыз калды.

Экономикалык адистердин пикиринде, валютадагы нөлдөргө каршы күрөш өлкөдө инфляция тизгинделип, макро-экономикалык туруктуулук орнотулган учурларда гана ийгиликтүү натыйжа берүүдө. Демек ошо кезде Орусиянын экономикасы бул иш-чарага даяр эмес эле.

Кийинки тажрыйбалардын бири – Ооганстанга таандык. 2002-жылы талиптердин режими кулатылгандан кийин президент Хамид Карзайдын өкүмөтү улуттук акча бирдиги - афганиден 3 нөлдү алып салды.

Бирок, жаңы валютага өтүш жараяны абдан машакаттуу болду. Колдонуудан чыккан акчаларды жаңысы менен алмаштырыш үчүн белгиленген 2 айлык кыска мөөнөттүн ичинде өлкө калкы колундагы эски афганилерди жаңысы менен же доллар менен алмаштырыш үчүн дүрбөлөңгө түштү жана натыйжада жаңы валютанын наркы кыска аралыкта кайра кескин түрдө төмөндөп кетти.

Аналитиктердин баамында, Түркиянын бул сыяктуу тузакка түшүү ыетымалдыгы кыйла аз. Анткен себеби, жаңы жылдан баштап жаңы түрк лирасы (YTL) жүгүртүлө баштай турганына карабастан, эски түрк лирасы бир жылдык өткөөл аралыкта жаңы акча бирдиги менен бирдей эле колдонууда кала бермекчи.

Экинчи жактан, Евробиримдикке мүчө болуу жаатындагы сүйлөшүүлөрдү баштоо тууралуу жетишилген келишим дагы түркиялык Борбордук банктын бул иш-чарасына жагымдуу таасир тийгизмекчи. Алдыбыздагы жылда өлкөгө кошумча чет элдик туруктуу инвестициялардын келүүсү жана экономиканын өнүгүү темпи кийинки жылдардагысындай 5 пайыздын тегерегинде сакталып калуусу күтүлөт.

Өткон аптанын жума күнү Брүсселде жетишилген ЕБга мүчөлүк сүйлөшүүлөрүн келээрки күздөн тартып баштоо тууралуу келишимдин желаргысы менен түркиялык Борбордук банк дүйшөмбү күнү банктын пайыз чагыштырмасын 2 процентке төмөндөттү жана монетардык сайасатты жүргүзүүнүн ыкмасы түп-тамырынан бери кайра курулаарын жар салды.

Серепчилердин пикиринде, расмий Анкара барып жаткан монетардык саясаттагы бул чечкиндүү ыкма келээрки жылы өзүнүн улуттук валютасынан (леу - leu) төрт нөлдү алып салууну болжоп жаткан Румыния үчүн да өрнөк болмокчу.
XS
SM
MD
LG