Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:33

ВЛАДИМИР ПУТИН ЖЫЛДЫН ЖЫЙЫНТЫГЫН ЧЫГАРДЫ


Кубат Оторбаев, Прага 23-декабрда Орусиянын президенти Владимир Путин жылдын жыйынтыгын чыгарып пресс-конференция өткөрдү. Ал ЮКОС, орус-грузин мамилеси, Украинадагы кырдаал, Ирактагы шайлоо, Кошмо Штаттары менен мамиле сыяктуу бир катар курч суроолорго жооп берди. Президенттин айтымында мисалы, “Юганскнефтегаз” мыйзамдын чегинде сатылды. Ал эми Ирактагы шайлоону ал чет элдик аскерлер басып алган өлкөдө өнөктүк демократиялык мүнөздө өтөөрүнө ишенбейм деп мүнөздөдү.

Владимир Путин Орусиянын бийлик системасындагы акыркы өзгөрүүлөрдү актоого аракет кылды. Анын айтымында губернаторлорду дайындоо боюнча анын демилгеси башкарууну жакшыртуу максатында жасалып жатат.

Журналисттерди өзгөчө жакында сатылган “Юганскнефегаздын” мындан аркы тагдыры катуу кызыктырды. Путиндин пикиринде мамлекет легалдуу рыноктун жолдору менен ЮКОСтун негизги ишканасын сатып алды. Муну менен орус өкмөтү 90-жылдарда олигархтардын колуна мыйзамсыз өткөн ири байлыктарды мамлекетке кайртарып алууну баштады:

- Ушул тапта мамлекет рыноктун мыйзамдуу жолдорун колдонуу менен өзүнүн кызыкчылыктарын коргоп жатат. Мен муну кадыресе көрүнүш катары баалайм.

Эсиңиздерге сала кетели – ЮКОСтун башкы байлыгы саналган ”Юганскнефтегаз” ишканасын аукциондо “Байкалфинансгрупп” деген топ сатып алган. Ал эми “Байкалфинансгруппту” болсо мамлекеттик компания “Роснефть” сатып алганы ачыкка чыкты. Чет элдик талдоочулар бул операцияны фарс катары баалап жатышат жана эми инвесторлор Орусияга акча салуудан мурда катуу ойлонууга тийиш дешет алар.

Путин өз өкмөтүнө караганда Украинанын бийлигин көбүрөөк сынга алды. Эксперттердин пикиринде кыязы Путин ушул жекшембиде Украинада өтө турган шайлоону өзү колдогон Янукович эмес, Батыш колдогон Ющенко жеңип чыгаарына көзү жетип жатса керек. Ошондон улам орус президенти Кошмо Штаттары баштаган Батыш өлкөлөрүн мурдагы Советтер союзунун республикаларында төңкөрүштөрдү уюштуруп жатат деп сынга алды:

–Мурдагы Советтер Союзунун аймагында менин тынчымды алган нерсе – саясий маселелерди мыйзамды бузуу менен чечүүгө аракеттердин жасалып жатканы. Бул - өтө коркунучтуу! Дагы бир коркунучтуу нерсе – туруктуу революциялардын системасын уюштурганы жатышат.

Путин ошондой эле Орусия менен Абхаз жана Түштүк Осетиядан улам суук селки мамиледе келаткан Грузияга байланыштуу суроого да жооп берди. “Роза төңкөрүшүнөн” кийин бийликке келген президент Саакашвили Орусиянын таасирине өтүп бараткан бул эки автономияны кайра баш ийдирүүгө шымалана киришкени белгилүү. Путин ырасмий Тбилиси өз аймагындагы баардык элдердин укуктарын сактоого тийиш деп эскертти:

– Биз Грузиянын территориалдык бүтүндүгүн колдойбуз, бирок ошол эле убакта ал аймакта жашаган баардык элдердин кызыкчылыктарын да эсепке алышыбыз керек. Биз Грузия менен өзүбүздүн таасирибизди жана бул өлкөнүн жетекчилиги менен түзүлгөн достук мамилебизди колдонуп, Абхазия менен салттуу мамилебизди пайдаланып, бул чатакты чечебиз деген ойдомун.

Орус президенти тышкы саясатка байланыштуу бир топ суроолорго жооп берди. Анын айтымында Батыш мамлекеттери Орусияны тыш дүйнөдөн таптакыр бөлүп салууга аракеет жасап жатат. Ошентсе да Путиндин айтымында Кошмо Штаттары менен Орусия өнөктөштүк мамиледе жана террорго каршы күрөш эки мамлекетти жакындаткан факторлордун бири:

- Кошмо Штаттары - биздин артыкчылык берген өнөктөштөрүбүздүн бири. Азыркы замандын курч проблемаларын чечүүдөгү өнөктөштөрүбүздүн бири. Бул - биринчи кезекте терроризмге каршы биргелешкен күрөшкө байланыштуу. Бул иште биздин мамилени - мен апыртып айткан жокмун - жөн гана өнөктөштүк деп эмес, союздаштык мамиле деп баалаар элем.

Ошол эле убакта орус президенти Ирактагы шайлоо демократиялык негизде өтөөрүнө ишенбей турганын айтты. Адамдар окко учуп, күн сайын кандуу кагылышуулар болуп аткан шартта адилет жана калыс шайлоо өтөөрүнө көзү жетпей турганын билдирди:

– Шайлоо тууралуу айтсам – чет элдик аскерлер басып алган жерде демократиялык шайлоо өткөрүүгө болооруна көзүм жетпейт.

Ал “орус бийлиги Чеченстанда шайлоо өткөрөйүн дегенде Батыш бизди катуу сынга алды эле, бирок Батыштын Ооганстанда, Косоводо кандай шайлоолорду өткөргөнүн көрдүк, эми ошондой эле өнөктүктү Иракта жасаганы жатышат” деди:

– Мына азыр Иракта шайлоо өткөргөнү жатышат. Эми ага жетишпестир – бирок бир идея ушундай болгон – шайлоонун кандай өткөнүн Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму Йорданиянын аймагынан көзөмөл жүргүзгөнү жатат. Бул эми - фарс да!

Жакынкы Чыгыштагы абалга токтолгон Путин Ясир Арафат каза тапкандан кийин тынчтыкты калыбына келтирүү боюнча сүйлөшүүлөрдү баштоого жол ачылды деген позицияга дегеле кошулбастыгын белгилеп, Ясир Арафаттын өзү деле андай сүйлөшүүлөрдү баштоого эч убакта каршы болбогондугун билдирди.

Владимир Путин жаңы жыл алдындагы салттуу пресс-конференцияны ушуну менен төртүнчү ирет өткөрдү. Бул жолу ага 690 журналист катышты. Пресс-конференция 3 сааттан ашык созулуп, 51 суроо берилди.

XS
SM
MD
LG